bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 33
Numbers 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 34 →
1
Муса менен Арундун башчылыгы астында Мисир жеринен стандары менен чыккан Ысрайыл уулдары мындай жол жүрүштү:
2
Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын стандары менен жол жүргөнүн жазып чыкты. Алар басып өткөн жерлер булар:
3
Алар биринчи айдын он бешинчи күнү Раамсестен чыгышкан. Ысрайыл уулдары Пасахтын эртеси бүткүл Мисир элинин көз алдында күчтүү колдун астында чыгышты.
4
Ошол убакта мисирликтер Теңир өлтүргөн бардык тун уулдарын көмүп жатышкан. Теңир алардын кудайларына өкүм чыгарды.
5
Ошентип, Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жайгашышты.
6
Сукоттон чыгып, Эйтамга жайгашышты, ал чөлдүн четиндеги жер эле.
7
Эйтамдан чыгып, Баал-Сыпондун жанындагы Пи-Ахиротко жөнөп, Мигдолдун жанына жайгашышты.
8
Пи-Акироттон чыгып, деңиздин ортосу менен чөлгө өтүштү. Эйтам чөлүндө үч күн бою жол жүрүштү, анан Марага жайгашышты.
9
Марадан чыгып, Эйлимге келишти. Эйлимде болсо он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле, алар ошол жерге жайгашышты.
10
Эйлимден чыгып, Кызыл деңиздин жанына жайгашышты.
11
Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө жайгашышты.
12
Син чөлүнөн чыгып, Допкага жайгашышты.
13
Допкадан чыгып, Алушка жайгашышты.
14
Алуштан чыгып, Репидимге жайгашышты, бирок ал жерде эл ичкенге суу жок эле.
15
Репидимден чыгып, Синай чөлүнө жайгашышты.
16
Синай чөлүнөн чыгып, Киброт-Атаапка жайгашышты.
17
Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко жайгашышты.
18
Хатсейроттон чыгып, Ритмага жайгашышты.
19
Ритмадан чыгып, Римон-Переске жайгашышты.
20
Римон-Перестен чыгып, Либнага жайгашышты.
21
Либнадан чыгып, Рисага жайгашышты.
22
Рисадан чыгып, Кейлатка жайгашышты.
23
Кейлаттан чыгып, Шепер тоосуна жайгашышты.
24
Шепер тоосунан чыгып, Харатка жайгашышты.
25
Хараттан чыгып, Макейлотко жайгашышты.
26
Макейлоттон чыгып, Тахатка жайгашышты.
27
Тахаттан чыгып, Тарахка жайгашышты.
28
Тарахтан чыгып, Миткага жайгашышты.
29
Миткадан чыгып, Хашмонго жайгашышты.
30
Хашмондон чыгып, Мосейротко жайгашышты.
31
Мосейроттон чыгып, Беней-Жааканга жайгашышты.
32
Беней-Жаакандан чыгып, Хор-Агидгатка жайгашышты.
33
Хор-Агидгаттан чыгып, Жотпатка жайгашышты.
34
Жотпаттан чыгып, Абронго жайгашышты.
35
Аброндон чыгып, Этсион-Геберге жайгашышты.
36
Этсион-Геберден чыгып, Син чөлүнүн Кадеш деген жерине жайгашышты.
37
Кадештен чыгып, Эдом менен чектешкен Ор тоосуна жайгашышты.
38
Ошондо ыйык кызмат кылуучу Арун Теңирдин буйругу боюнча Ор тоосуна чыгып, Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына кырк жыл болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү көз жумду.
39
Арун жүз жыйырма үч жашка чыгып, Ор тоосунда көз жумду.
40
Канаан жеринин түштүгүндө жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл уулдарынын келе жатканын укту.
41
Алар Ор тоосунан чыгып, Салмонго жайгашышты.
42
Салмондон чыгып, Пунонго жайгашышты.
43
Пунондон чыгып, Оботко жайгашышты.
44
Оботтон чыгып, Маап менен чектешкен жердеги Жей-Абаримге жайгашышты.
45
Ийимден (Жей-Абаримден) чыгып, Дибон-Гатка жайгашышты.
46
Дибон-Гаттан чыгып, Алман-Дыблатайымга жайгашышты.
47
Алман-Дыблатайымдан чыгып, Ныбонун жанындагы Абарым тоолоруна жайгашышты.
48
Абарым тоолорунан чыгып, Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюна, Маап түздүгүнө жайгашышты.
49
Алар Иордандын жанындагы Бейт-Айешимоттон Абел-Шитимге чейин созулуп жаткан Маап түздүгүнө жайгашышты.
50
Теңир Мусага Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:
51
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Канаан жерине Иордан суусу аркылуу өткөнүңөрдө,
52
ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла.
53
Ошол жерди ээлеп, ошол жерге отурукташкыла, анткени ошол жерди Мен силерге мураска бердим.
54
Жерди урууларыңарга өкчөмө таш ыргытып бөлүштүргүлө. Саны көп урууларга көбүрөөк үлүш, саны аз урууларга азыраак үлүш бергиле. Өкчөмө таш боюнча кимге кандай жер тийсе, ал ошол жерди алсын. Ар ким өз уруусу менен үлүш алсын.
55
Эгерде силер ал жерде жашагандарды кууп чыкпасаңар, анда алардан калып калгандар көзүңөргө кирген, капталыңарга сайылган тикенек болот, силер жашай турган жерде силерди кысымга ала башташат.
56
Мына ошондо Мен аларга кылайын дегенимди силерге кылам”».
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36