bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 24
Numbers 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 25 →
1
Билам Ысрайыл элине бата берүү Теңирге жагарын көрүп, мурдагыдай сыйкырчылык кылбай, бурулуп, чөлдү карап туруп калды.
2
Анан Билам көз чаптырып, өз-өз уруусу менен турган Ысрайыл элин көрдү. Ошондо анын үстүнө Кудайдын Руху түштү.
3
Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат,
4
Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат:
5
Жакып, чатырларың, Ысрайыл, үйлөрүң кандай сонун!
6
Алар дарыя боюндагы бактардай, Теңир отургузган алой дарактарындай, суу боюндагы кедр дарактарындай, өрөөндөй созулуп жатат.
7
Анын чакаларынан суу ашып-ташып төгүлүп турат, анын укум-тукуму чоң суулардай жайылат. Анын падышасы Агактан да өтүп, падышачылыгынын зоболосу артат.
8
Аны Мисирден Кудай алып чыккан. Анын күчү буйволдун күчүндөй, ал өзүнө каршы чыккан элди жеп салат, сөөктөрүн талкалап, жебеси менен жексен кылат.
9
Ал тизе бүктү, эркек арстандай, ургаачы арстандай жатат, аны ким тургуза алат? Сага бата берген бата алат, сени каргаган каргышка калат!»
10
Ошондо Балактын Биламга каары кайнап, колун серпип, ага мындай деди: «Мен сени душманымды каргасын деп чакыргам, бирок сен аларга үч жолу бата бердиң.
11
Өз жолуңа түш, мен сени сыйлайын дедим эле, бирок Теңир сени сыйдан ажыратып жатат».
12
Ошондо Билам Балакка мындай деди: «Мен сенин мага жиберген элчилериңе:
13
“Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Теңирдин буйругун буза албайм, өз эрким менен жакшылык же жамандык кыла албайм. Теңир эмнени айтса, мен ошону айтам”, – деп айтпадым беле.
14
Мен өз элиме кетип бара жатам. Жүр мени менен, мен сага келечекте бул эл сенин элиңди эмне кыларын айтып берем».
15
Анан ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат.
16
Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Бардыгынан Жогору Тургандан акылмандуулук алган, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат.
17
Аны көрүп турам, бирок ал азырынча жок. Аны көрүп турам, бирок али ал жакын эмес. Жакыптан жылдыз чыгат, Ысрайылдын бийлик таягы көтөрүлөт, ал Мааптын төрөлөрүнө сокку урат, Шет уулдарынын бардыгын кыйратат.
18
Эдом бийлик астында болот, Сеир өз душмандарынын бийлиги астында болот, Ысрайыл болсо өз күчүн көрсөтөт.
19
Жакыптын тукуму калган шаарларды басып алып талкалайт».
20
Анан ал амалыктыктарды көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Амалык – байыркы элдердин бири, бирок ал акырында кыйрап жок болот».
21
Анан ал кейниликтерди көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Сенин турагың бекем, сенин уяң аскага салыныптыр.
22
Бирок Ашур сени колго түшүрүп, туткундап кетерине аз калганда, Кабыл бүлгүнгө учурайт».
23
Анан ал дагы мындай сөздөрдү айтты: «О, кандай кайгы, Кудай муну кылганда ким тирүү калат!
24
Китимден кемелер келип, Ашурду багынтып алат, Эйберди да багынтып алат, бирок алар да ойрон болушат!»
25
Анан Билам ордунан туруп, келген жагына, өз жерине кетти, Балак да өз жолу менен кетти.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36