bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 3
Numbers 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 4 →
1
Теңир Муса менен Синай тоосунда сүйлөшкөн убактагы Арун менен Мусанын санжырасы.
2
Арундун уулдарынын аттары: туну Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.
3
Арундун ыйык кызматка майланган, Муса дайындаган ыйык кызмат кылуучу уулдары ушулар.
4
Бирок Надап менен Абыйут Синай чөлүндө Теңирдин алдына башка от алып келип, Теңирдин алдында өлүшкөн, алардан бала калган эмес. Элазар менен Итамар атасы Арундун жанында ыйык кызмат кылуучу болуп калды.
5
Теңир Мусага мындай деди:
6
«Ыйык кызмат кылуучу Арундун алдына Леби уруусун алып кел. Алар Арунга кызмат кылышсын.
7
Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – Арунга жана жыйын чатырынын алдындагы бүт жамаатка кызмат кылуу.
8
Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – жыйын чатырынын бардык буюмдарын сактоо, Ысрайыл уулдарына кызмат кылуу.
9
Лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бер. Алар Ысрайыл уулдарынын ичинен Арундун жана анын уулдарынын карамагына берилсин.
10
Арунду жана анын уулдарын өздөрүнүн ыйык кызмат кылуучулук милдетин аткарууга дайында. Эгерде ыйык кызматка алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».
11
Теңир Мусага дагы мындай деди:
12
«Мен Ысрайыл уулдарынын жатынды жарып чыккан тундарынын ордуна лебилерди алдым. Лебилер Меники.
13
Анткени бардык тунгучтар Меники. Мен Мисир жеринде тунгучтардын баарын өлтүргөн күнү Ысрайылдын бардык тун уулдарын, малдарынын биринчи төлүн Өзүмө бөлүп алгам, алар Меники болсун, Мен Теңирмин».
14
Теңир Синай чөлүндө Мусага мындай деди:
15
«Леби уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык. Бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин баарын санап чык».
16
Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылып санап чыкты.
17
«Леби уулдарынын аттары мындай: Гейиршон, Каат жана Мерари.
18
Гейиршондун уулдарынан тараган уруулардын аттары: Либни жана Шимей.
19
Кааттын уулдарынан тараган уруулардын аттары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел.
20
Мераринин уулдарынан тараган уруулардын аттары: Махли жана Муши. Булар – Леби тукумунан тараган уруулар.
21
Гейиршондон Либни жана Шимей уруулары тараган. Булар – Гейиршон уруулары.
22
Гейиршон урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны жети миң беш жүз болду.
23
Гейиршон урууларынын станы жыйын чатырынын артына, батыш тарабына жайгашсын.
24
Гейиршон урууларынын башчысы –Лаелдин уулу Элийасап.
25
Гейиршон уулдарына жыйын чатырын, анын жабууларын, анын кире беришиндеги көшөгөсүн,
26
короонун жабууларын, жыйын чатырынын жана курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, анын жиптерин, аларга тиешелүү бардык нерселерди сактоо тапшырылсын.
27
Кааттан Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел уруулары тараган. Булар – Каат уруулары.
28
Бир айлык жана андан жогорку жаштагы, жыйын чатырын кайтарган Каат урууларындагы бардык эркектердин саны – сегиз миң алты жүз.
29
Каат уулдарынын станы жыйын чатырынын түштүк тарабына жайгашсын.
30
Каат урууларынын башчысы – Узиелдин уулу Элсапан.
31
Алар келишим сандыгын, үстөлдү, чырактанды, курмандык чалынуучу жайларды, кызматка колдонула турган ыйык идиштерди, ыйык жайдын жабуусун жана ага тиешелүү бардык нерселерди сакташсын.
32
Лебилердин башчыларынын башчысы – ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазар. Ал ыйык жайды кайтаргандарды көзөмөлдөсүн.
33
Мерари уруусунан Махли жана Муши уруулары тараган. Булар – Мерари уруулары.
34
Мерари урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны – алты миң эки жүз.
35
Мерари урууларынын башчысы – Абыкайылдын уулу Суриел. Алардын станы жыйын чатырынын түндүк тарабына жайгашсын.
36
Мерари уулдарына жыйын чатырынын устундарын, шыргыйларын, мамыларын, таканычтарын, аларга тиешелүү нерселерди,
37
короонун бардык тарабындагы мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын сактоо тапшырылсын.
38
Муса, Арун жана анын уулдарынын станы жыйын чатырынын чыгыш тарабына, жыйын чатырынын алдына жайгашсын. Ысрайыл уулдарын сактоо үчүн, аларга ыйык жайды кайтаруу тапшырылсын. Эгерде ыйык жайга алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».
39
Муса менен Арун Теңирдин буйругу боюнча санап чыккан леби урууларынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин саны – жыйырма эки миң.
40
Теңир Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чык.
41
Мен үчүн (Мен Теңирмин) Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми Ысрайыл уулдарынын бардык малынын биринчи төлүнүн ордуна лебилердин малын ал».
42
Теңир буйругандай, Муса Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарын санап чыкты.
43
Бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чыкканда, алардын саны жыйырма эки миң эки жүз жетимиш үч болду.
44
Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
45
«Ысрайыл уулдарынын тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми алардын малынын ордуна лебилердин малын ал. Лебилер Меники болсун, Мен Теңирмин.
46
Ысрайылдын тун эркек балдарынын лебилердин санынан ашып кеткен эки жүз жетимиш үч адамы үчүн кун төлөнсүн.
47
Киши башына ыйык шекелден беш шекел ал, бир шекелде жыйырма гер бар.
48
Алардын санынан ашып кеткендердин куну үчүн төлөнүүчү күмүштү Арунга жана анын уулдарына бер».
49
Муса лебилерге айырбашталган тун балдардын куну үчүн төлөнгөн күмүштү алды.
50
Ал Ысрайылдын тун уулдары үчүн ыйык шекелден бир миң үч жүз алтымыш беш шекел күмүш алды.
51
Муса Теңирдин айтканындай кылып, кун үчүн алган күмүштү Арунга жана анын уулдарына берди.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36