bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 21
Numbers 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 22 →
1
Түштүк тарапта жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл элинин Атаримге барчу жол менен келатканын угуп, аларга каршы согуш ачып, алардын бир нече кишисин туткунга алды.
2
Ошондо Ысрайыл эли Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде бул элди менин колума салып берсең, анда булардын шаарларын талкалайм».
3
Теңир Ысрайыл элинин үнүн угуп, канаандыктарды анын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды шаарлары менен кошо талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма деп аташты.
4
Эдом жерин айланып өтүш үчүн, алар Ор тоосунан Кызыл деңизге карай кеткен жол менен жөнөштү. Жолдо элдин чыдамы кете баштады.
5
Алар Кудайга каршы, Мусага каршы мындай деп наалышты: «Бизди Мисир жеринен чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак көңүлүбүзгө тийди».
6
Ошондо Теңир элге уулуу жыландарды жиберди. Алар Ысрайыл уулдарын чагышты, ошондо алардын бир тобу өлдү.
7
Анан эл Мусага келип, мындай деди: «Биз Теңирге жана сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык. Теңирге сыйынчы, Ал жыландарды жоготсун». Ошондо Муса эл үчүн сыйынды.
8
Теңир Мусага мындай деди: «Жезден жылан жасап, шыргыйга кадап кой, жылан чаккан киши аны бир караса эле, тирүү калат».
9
Муса жезден жылан жасап, шыргыйга кадап койду. Жылан чаккан киши жез жыланды карап, тирүү калып жатты.
10
Ысрайыл уулдары жолго чыгып, Оботко келип токтошту.
11
Оботтон чыгып, Жей-Абаримге келип токтошту, ал күн чыгышта, Мааптын каршысындагы чөлдө жайгашкан.
12
Ал жерден чыгып, Зерет өрөөнүнө келип токтошту.
13
Ал жерден чыгып, Арнон суусунун аморлуктардын чек арасына кирбеген жагындагы чөлгө келип токтошту, анткени Арнон суусу Маап менен аморлуктардын ортосунда жаткан Мааптын чек арасы болчу.
14
Ошондуктан Теңирдин согуштары китебинде мындай деп айтылган:
15
«Кызыл деңиздеги Байеп жана Арнон суулары, алардын Шебет-Арга түшкөн жогорку башаттары Маап менен чектешип турат».
16
Ал жерден Бейирге бет алышты. Теңир Мусага «Элиңди чогулт, Мен аларга суу берем» деп айткан кудук ушул.
17
Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдады: «Тол, тол кудук! Ал жөнүндө ырдагыла!
18
Бул – төрөлөр жана эл башчылар өздөрүнүн мыйзам таяктары менен казган кудук». Бул чөлдөн чыгып, Матанга бет алышты.
19
Матандан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко жөнөштү.
20
Бамоттон чыгып, Маап жериндеги Пизги тоосунун чокусундагы чөлдү караган Айга жөнөштү.
21
Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго мындай деп айттырганы элчилерин жиберди:
22
«Мага сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт. Эгин талааларың менен жүзүмзарларыңды аралап өтпөйбүз, кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден падышанын жолу менен гана өтүп кетебиз».
23
Бирок Сихон Ысрайыл уулдарына өз жери аркылуу өтүүгө уруксат бербей койду. Ал өзүнүн элин чогултуп, чөлдө Ысрайыл элине каршы чыгып, Жааска чейин келип, Ысрайыл эли менен салгылашты.
24
Ысрайыл аны кылычы менен кыйратып, Арнондон Жабокко чейинки, анын амондуктардын чек арасына чейинки жерлерин басып алды, анткени амондуктардын чек арасы бекем болчу.
25
Ошентип, Ысрайыл ушул шаарлардын баарын ээлеп алды. Ысрайыл аморлуктардын бардык шаарларында, Кешпондо жана ага караштуу бардык шаарларда жашап турду.
26
Анткени Кешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Ал мааптыктардын мурунку падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жеринин баарын тартып алган.
27
Ошондуктан ырчылар мындай деп ырдашат: «Кешпонго келгиле, Сихондун шаарын кайрадан кургула, тегерете бекемдегиле.
28
Анткени Кешпондон чыккан от, Сихондун шаарынан чыккан жалын Ар-Маапты жана Арнондун бийиктиктерин ээлеп жаткандарды жалмады.
29
Маап, сага кайгы! Кемош эли, кыйрадың! Уулдарың качып жөнөштү, кыздарың болсо Амор падышасы Сихондун туткуну болуп калышты.
30
Биз аларды жебе менен кыйраттык. Кешпон Дибонго чейин кыйрады, биз аларды Мейдебанын жанындагы Нопахка чейин кыйраттык».
31
Ошентип, Ысрайыл аморлуктардын жеринде жашап турду.
32
Муса Жазерди көрүп келүүгө киши жиберди. Анан алар ага караштуу айыл-кыштактарды басып алышты, ал жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.
33
Анан артка кайрылып, Башанды көздөй жөнөштү. Ошондо Башан падышасы Ог бүт эли менен аларга каршы чыгып, Эдрейдин жанында салгылашты.
34
Ошондо Теңир Мусага: «Сен андан коркпо, анткени Мен анын өзүн, бүт элин, бүт жерин сенин колуңа салып берем. Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, муну да так ошондой кыласың», – деди.
35
Ошентип, ысрайылдыктар анын өзүн, уулдарын, бүт элин бирин калтырбай кыйратышты, анын жерлерин ээлеп алышты.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36