bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 1
2 Chronicles 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 2 →
1
Дөөттүн уулу Сулайман өзүнүн падышачылыгында күчтүү падыша болду. Кудай-Теңири аны менен болуп, аны жогору көтөрдү.
2
Сулайман бүт Ысрайылга: миң башылары менен жүз башыларына, башкаруучулары менен бүт Ысрайылдагы уруу башчыларына чогулууга буйрук берди.
3
Сулайман бүткүл эл менен Гибондогу бийик жерге келди, анткени Кудайдын кулу Муса чөлдө тургузган Теңирдин жыйын чатыры ошол жерде эле.
4
Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден ал үчүн даярдап койгон жерге алып келди. Анткени Дөөт ал үчүн Иерусалимде жыйын чатырын курган.
5
Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жезден жасаган курмандык чалынуучу жай болсо ошол жерде, Теңирдин жыйын чатырынын алдында, калган. Сулайман эл менен бирге Кудайга кайрылыш үчүн барды.
6
Сулайман ошол жерде, Теңирдин алдында, жыйын чатырынын алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.
7
Ошол түнү Кудай Сулайманга келип: «Мен сага эмне берейин, сура?» – деди.
8
Сулайман Кудайга мындай деди: «Сен менин атам Дөөткө улуу ырайым көрсөттүң, анын ордуна мени падыша кылдың.
9
Кудай-Теңирим, Сенин атам Дөөткө айткан сөзүң аткарылсын! Жер топурагындай сан жетпеген элге Сен мени падыша кылып койдуң.
10
Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?»
11
Кудай Сулайманга мындай деди: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн жана сен байлык, мал-мүлк, атак-даңк, кас душмандарыңдын жанын, ал тургай, узак өмүр да сурабастан, Мен сени падыша кылган элди башкарууга акыл менен билим сураганың үчүн,
12
сага акыл да, билим да берем. Мен сага сенден мурунку, сенден кийинки падышаларда болбогон байлыкты, мал-мүлктү, атак-даңкты берем».
13
Сулайман Гибондогу бийик жерден, жыйын чатырынан, Иерусалимге келди. Ал Ысрайылда падышачылык кылып турду.
14
Сулайман майдан арабаларын, атчан аскерлерди топтоду. Анын бир миң төрт жүз майдан арабасы, он эки миң атчан аскери бар эле. Ал аларды майдан арабалар коюлган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.
15
Падыша Иерусалимде алтын менен күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.
16
Аттарды Сулайманга Мисирден жана Кебейден алып келишчү. Падышанын соодагерлери аларды Кебейден акчага сатып алышчу.
17
Мисирден майдан арабаны алты жүз күмүш шекелге, атты жүз элүү күмүш шекелге сатып алып турушту. Так ушундай жол менен алар хеттиктердин жана арамейликтердин бардык падышаларына да өз колдору менен жеткирип турушту.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36