bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 21
2 Chronicles 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 22 →
1
Жошапат көз жумуп, ата-бабалары жаткан Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жорам падыша болду.
2
Анын бир туугандары, Жошапаттын уулдары: Азария, Жехиел, Захария, Азария, Михаел, Шепатия. Булардын баары Жүйүт падышасы Жошапаттын уулдары эле.
3
Атасы аларга алтын, күмүш, кымбат баалуу буюмдарды, Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды берди. Падышачылыгын болсо, тун баласы болгондуктан, Жорамга берди.
4
Жорам такка отургандан кийин, бийлигин бекемдеди да, өзүнүн бардык бир туугандарын жана Ысрайылдын кээ бир төрөлөрүн кылычтап өлтүрдү.
5
Жорам такка отурганда, отуз эки жашта болчу, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.
6
Ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ахаптын тукуму кандай иш кылса, ошондой иш кылды, анткени Ахаптын кызы анын аялы эле, ошондуктан Теңирге жакпаган иштерди кылды.
7
Бирок Теңир Дөөт менен түзгөн келишими үчүн, Дөөттүн тукумун кыйраткысы келген жок, анткени ага жана анын уулдарына түбөлүккө чырак берем деп убада кылган.
8
Анын убагында Эдом Жүйүттүн бийлиги астынан чыгып, өзүнө падыша коюп алды.
9
Жорам аскер башчылары менен, майдан арабалары менен жөнөдү. Анан ал түн ичинде туруп, аны курчап калган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады.
10
Бирок Эдом бүгүнкү күнгө чейин Жүйүттүн бийлигинен чыгып кеткен. Ошол учурда анын бийлигинен Либна да чыкты, анткени ал өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салган.
11
Ал Жүйүт аймагынын тоолоруна бутканаларды куруп, Иерусалимде жашагандарды жолунан адаштырып, жүйүт элин да азгырды.
12
Ошондо ага Илияс пайгамбардан мындай кат келди: «Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Атаң Жошапаттын жолу менен жана Жүйүт падышасы Асанын жолу менен жүрбөгөнүң үчүн,
13
тескерисинче, Ысрайыл падышаларынын жолу менен кетип, Жүйүт аймагындагыларды жана Иерусалимде жашагандарды Ахаптын тукуму жолдон адаштыргандай адаштыргандыгың үчүн, кала берсе, атаңдын тукумун, сенден жакшы бир туугандарыңды өлтүргөнүң үчүн,
14
Теңир сенин элиңди, балдарыңды, аялдарыңды жана бүт мал-мүлкүңдү кырып жок кылат.
15
Өзүңө болсо катуу ички оору жиберет, күн өткөн сайын ошол оорудан ички мүчөлөрүң түшө баштайт”».
16
Теңир Жорамга каршы пелиштиликтердин жана Эфиопияга жанаша жаткан аравиялыктардын рухун козгоду.
17
Алар Жүйүт аймагына каршы чыгып, аны басып кирип, падышанын үйүндөгү бүт мүлктөрүн, аялдарын, балдарын чаап кетишти. Анын кенже уулу Ахазай гана калды.
18
Ушундан кийин Теңир анын ички мүчөлөрүн айыкпас дартка кабылтты.
19
Ал дарт күндөн күнгө күчөп, экинчи жылдын аягында ал дарттан анын бүтүндөй ички мүчөлөрү түшүп калды. Ал абдан кыйналып жатып өлдү. Эл анын аталарына кылгандай, жыпар жыттуу зат күйгүзгөн жок.
20
Ал падыша болгондо отуз эки жашта эле, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды. Бирок эл аны жоктоп, кошок кошкон жок. Ал да Дөөттүн шаарына коюлду, бирок ал падышалар жаткан жайга коюлган жок.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36