bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 24
2 Chronicles 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 25 →
1
Жааш такка отурганда, жети жашта болчу, ал Иерусалимде кырк жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Сибия эле, ал бейер-шебалык аял болчу.
2
Ыйык кызмат кылуучу Жойат тирүү кезинде Жааш Теңирге жаккан иштерди кылды.
3
Жойат ага эки аял алып берди, алардан ал уул-кыздуу болду.
4
Ошондон кийин Жааштын жүрөгүнө Теңирдин үйүн жаңыртуу керек деген ой келди.
5
Ал ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди чогултуп, аларга: «Жүйүт аймагынын шаарларын кыдыргыла, Кудайдын үйүн жыл сайын оңдоп туруу үчүн, бүт ысрайылдыктардан күмүш чогулткула. Бул ишке батыраак киришкиле», – деди. Бирок лебилер шашылган жок.
6
Падыша алардын башчысы Жойатты чакырып, ага мындай деди: «Теңирдин кулу Муса менен Ысрайыл жамааты жыйын чатыры үчүн белгилеген алымды Жүйүт аймагынан, Иерусалимден чогултуп келүүсүн лебилерден эмне үчүн талап кылбай жатасың?»
7
Анткени кудайсыз аял Аталея менен анын уулдары Кудайдын үйүн талап-тоноп бүтүшкөн. Теңирдин үйүнө арналгандардын баарын Баалга жумшашкан.
8
Падыша буйрук берди, ошондо алар бир үкөк жасашып, аны Теңир үйүнүн сыртына, кире беришке коюшту.
9
Алар Жүйүт аймагына жана Иерусалимге Теңирге арнап алым алып келүүнү буйрушту. Бул алымды Кудайдын кулу Муса чөлдө ысрайылдыктарга салган.
10
Бардык башкаруучулар, бардык эл тартууларды кубаныч менен алып келип, үкөк толгуча салып жатышты.
11
Лебилер үкөктү падыша кызматчыларына көтөрүп келгенде, алар күмүштүн көп экенин көрүштү. Ошондо падышанын катчысы менен башкы ыйык кызмат кылуучунун ишенимдүү кишиси келип, үкөктөгүнү төгүп, үкөктү өз ордуна койду. Алар күн сайын ушундай кылып, эң көп күмүш чогултушту.
12
Аны падыша менен Жойат Теңир үйүндөгү жумушту башкаруучуларга берди. Алар Теңир үйүн оңдош үчүн, таш сомдоочуларды, жыгач усталарды жалдашты, ошондой эле Теңир үйүн бекемдеш үчүн, темир усталарды, жез усталарды жалдашты.
13
Жумушчулардын башчылары ишти баштап, оңдоо ишин жүргүзүштү. Ошентип, алар Кудай үйүн мурунку калыбына келтиришти, аны бекемдешти.
14
Жумуштардын бардыгын бүтүрүшкөндөн кийин, алар падыша менен Жойатка калган күмүштөрдү өткөрүп беришти. Андан Кудай үйүндөгү кызматка жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты алып келүүгө керектелүүчү идиштерди, табактарды, ошондой эле алтын-күмүш идиштерди жасашты. Жойаттын өмүрү өткүчө, Кудай үйүнө дайыма бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип турушту.
15
Жойат карылыгы жетип, өмүргө тоюп өлдү. Ал өлгөндө жүз отуз жашта болчу.
16
Аны Дөөттүн шаарындагы падышалар жаткан жайга коюшту, анткени ал Кудай үчүн да, Кудай үйү үчүн да Ысрайылда жакшы иштерди кылган.
17
Бирок Жойаттын көзү өткөндөн кийин, Жүйүт төрөлөрү келип, падышага таазим кылышты. Ошондо падыша аларды уга баштады.
18
Ошентип, алар ата-бабаларынын Кудай-Теңиринин үйүн таштап, Ашейра мамыларына, буркандарга табына башташты. Ушул күнөөсү үчүн Теңир Жүйүт менен Иерусалимге каарданды.
19
Алар Теңирге кайрылыш үчүн, Теңир аларга пайгамбарларын жөнөттү. Пайгамбарлар аларга эскертишти, бирок алар укпай коюшту.
20
Ыйык кызмат кылуучу Жойаттын уулу Захарияга Кудайдын Руху түштү, ал бийик жерге чыгып, эл алдында туруп, аларга: «Теңир мындай дейт: “Силер эмне үчүн Теңирдин буйругун аткарбай жатасыңар? Силер ийгиликке жетпейсиңер, силер Теңирди таштап салдыңар, Ал да силерди таштап салат”», – деди.
21
Ошондо ага каршы уюшуп, падышанын буйругу боюнча аны Теңир үйүнүн короосунда таш бараңга алышты.
22
Жааш падыша өзүнө Захариянын атасы Жойаттын кандай жакшылык кылганын унутуп, анын уулун өлтүрдү. Ал өлүп бара жатып, мындай деди: «Теңир көрүп турат, Ал Өзү жазаласын».
23
Бир жылдан кийин ага Сирия аскерлери кол салды. Жүйүт аймагы менен Иерусалимге кирип барып, элдин арасындагы бардык төрөлөрдү кырып салышты. Алардан алынган олжолордун бардыгын Дамаск падышасына жөнөтүштү.
24
Сириянын аскерлери анчалык көп болбосо да, Теңир алардын колуна сансыз көп аскерлерди салып берди, анткени бул эл өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап койгон. Жааш ушундайча жазасын алды.
25
Алар аны оор жарадар кылып кетишкенден кийин, ыйык кызмат кылуучу Жойаттын уулунун каны үчүн, кулдары ага каршы уюшуп, аны жаткан төшөгүндө өлтүрүштү, ал ошол жерде өлдү. Аны Дөөттүн шаарына коюшту, бирок падышалар жаткан жайга коюшкан жок.
26
Ага каршы кастык уюштургандар: амондук аял Шиматтын уулу Забат жана мааптык аял Шимриттин уулу Жейозабат болду.
27
Анын уулдары жөнүндө, ага каршы пайгамбарчылыктар жөнүндө, Кудай үйүн калыбына келтирүү жөнүндө падышалардын китебинде жазылган. Анын ордуна уулу Аматсия падыша болду.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36