bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 2
2 Chronicles 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 3 →
1
Сулайман Теңирдин ысымына арнап үй жана өзүнө падыша сарайын курууну ниет кылды.
2
Сулайман жетимиш миң жүк ташуучуну, сексен миң таш сомдоочуну тоого жөнөтүп, алардын үстүнөн үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.
3
Сулайман Тир падышасы Хирамга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Менин атам Дөөт үйүн куруп жатканда, кедр жыгачтарын кандай жөнөтсөң, мага да ошондой жөнөт.
4
Мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй куруп жатам. Ал үй Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруш үчүн, нан тартуусун дайыма коюп туруш үчүн, ишемби күндөрү эртең менен, кечинде, ай жаңырганда, Кудай-Теңирибиздин майрамдарында чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруш үчүн курулат. Булар Ысрайыл элине түбөлүккө осуятталган.
5
Мен куруп жаткан үй – чоң үй, анткени Кудайыбыз Өзү улуу, бардык кудайлардан жогору.
6
Аны асман менен асмандардын асманы сыйдыра албай жатканда, Ага арнап үй курууга кимдин күч-кубаты жетет? Ага арнап үй кургудай мен киммин? Анын алдында жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн эле куруп жатам.
7
Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден, темирден буюм жасаганды жана ачык кызыл, кочкул кызыл, жакут түстүү жип менен токуганды, ошондой эле оймо иштерин билген кишини жибер. Ал атам Дөөт даярдаган Жүйүт аймагы менен Иерусалимдеги менин чебер усталарым менен бирге иштесин.
8
Мага Лебанондон кедр, кипарис, сандал жыгачтарын жөнөт, анткени мен сенин кулдарыңдын Лебанон дарактарын жакшы кыярын билем. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге барышат.
9
Мен өтө көп жыгачтарды даярдашым керек, себеби мен куруп жаткан үй чоң жана керемет жай болот.
10
Бак кыя турган кулдарыңдын тамагына жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор арпа, жыйырма миң бат шарап, жыйырма миң бат зайтун майын жөнөтөм».
11
Тир падышасы Хирам кат аркылуу мындай деген жооп жөнөттү: «Теңир Өз элин сүйгөндүктөн, сени аларга падыша кылып койду».
12
Хирам дагы мындай деди: «Падыша Дөөткө Теңирге арнап үй жана өзүнө арнап падыша сарайын курууга ниеттенген, акылман, түшүнүгү терең, акыл-эстүү уул берген, асман-жерди жараткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк!
13
Мен сага билимдүү, акылдуу Хурам-Абийди жиберип жатам.
14
Ал – Дан уруусунун кыздарынан болгон бир аялдын уулу, атасы болсо Тир тургуну. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан, асыл таштан буюм жасаганды, ачык кызыл, жакут түстүү, зыгыр, кочкул кызыл жип менен токуганды, оймо иштерин билет. Ал сенин чебер усталарың жана сенин атаң, менин мырзам падыша Дөөттүн чебер усталары менен бирге сен кандай иш тапшырсаң, ошонун бардыгын аткарат.
15
Ал эми өзүң айткан арпа менен буудайды, шарап менен зайтун майларын, мырзам, кулдарыңа жөнөт.
16
Биз сага канча керек болсо, ошончо Лебанон дарагын кыйып, салга жүктөп, деңиз аркылуу Жапага жеткиребиз. Андан ары Иерусалимге өзүң алып кетесиң».
17
Сулайман атасы Дөөт санагандан кийин келген Ысрайылдагы бардык келгиндерди санап чыкты, алардын саны жүз элүү үч миң алты жүз адам болду.
18
Алардын ичинен сексен миңин тоодон таш сомдоочу жана жетимиш миңин жүк ташуучу кылып бөлдү да, аларды өз убагында иштетип туруу үчүн, үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36