bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 7
2 Chronicles 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 8 →
1
Сулайман сыйынып бүткөндө, асмандан от түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктарды күйгүзүп кетти, үйдүн ичи Теңирдин даңкына толду.
2
Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин үйүнө кире албай калышты, анткени Теңирдин үйү Теңирдин даңкына толуп турган болчу.
3
Ысрайылдын бүт уулдары асмандан от түшкөнүн көрүп, Кудайдын даңкы үйгө толгонун көрүп, жерге, секичеге жүзтөмөндөп жыгылып таазим этишти. Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты.
4
Падыша жана бүт эл Теңирдин алдында курмандык чала башташты.
5
Сулайман падыша курмандыкка жыйырма эки миң букачар жана жүз жыйырма миң кой чалды. Падыша менен бүт эл Кудайдын үйүн ушинтип ыйыкташты.
6
Ыйык кызмат кылуучулар өз кызматын аткарышты, лебилер Теңирди даңкташ үчүн, Дөөт падыша жасаган Теңирдин күү аспаптары менен турушту. Дөөт алар менен Теңирди мактап ырдачу, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү. Ыйык кызмат кылуучулар алардын алдында сурнай тартып турушту, бүт Ысрайыл эли туруп турду.
7
Сулайман Теңир үйүнүн алдындагы короонун ички бөлүгүн да ыйыктады. Жезден жасалган курмандык чалынуучу жайга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, нан курмандыктары, майлар батпай калгандыктан, ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарынын майларын короонун ички бөлүгүндө өрттөдү.
8
Ошол учурда Сулайман бүткүл Ысрайыл эли менен – Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейинки жерлерден келген көп эл менен жети күндүк чоң майрам өткөрдү.
9
Ал эми сегизинчи күнү, майрамдан кийинки күнү ыйык чогулуш өткөрүштү, анткени курмандык чалынуучу жайды жети күн ыйыкташты жана жети күн майрамдашты.
10
Падыша жетинчи айдын жыйырма үчүнчү күнү Теңир Дөөткө жана Сулайманга, Өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымга кубанып, жүрөктөрү кубанычка, шаттыкка бөлөнгөн элди үй-жайларына коё берди.
11
Ошентип, Сулайман Кудайдын үйүн да, падыша үйүн да куруп бүттү. Сулайман жүрөгүндө Кудайдын үйү үчүн да, өз үйү үчүн да эмне кылам деп ойлосо, ошонун баарын ийгиликтүү бүтүрдү.
12
Теңир Сулайманга түн ичинде келип, мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду уктум жана ушул жерди Өзүмө курмандык чалынуучу үй катары тандап алдым.
13
Мен асманды жаап коюп, жамгыр жаабай калганда, же жерди жегенге чегирткелерди каптатканда, же Өз элиме жугуштуу оору жибергенде,
14
Менин ысымым менен аталган Менин элим моюн сунса, сыйынса, Менин жүзүмдү издесе жана жаман жолдорунан кайтса, анда Мен алардын үнүн асмандан угуп, күнөөлөрүн кечирип, жерин дарттан айыктырам.
15
Эми Мен ушул жерден көзүмдү албайм, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак салам.
16
Менин ысымым ушул үйдө түбөлүккө туруш үчүн, Мен аны тандап алып, ыйыктадым. Менин көздөрүм менен жүрөгүм дайыма ушул жерде болот.
17
Сен атаң Дөөт Менин алдымда жүргөндөй жүрө турган болсоң, Мен сага буйругандарды аткара турган болсоң, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактай турган болсоң,
18
анда Мен сенин атаң Дөөткө убада кылып: “Сенин тукумуңдан Ысрайылды башкарган адам үзүлбөйт”, – деп айткан убадам боюнча Сенин падышачылык тагыңды бекемдейм.
19
Эгерде силер Мен берген мыйзамдар менен буйруктарыма моюн сунбай, алардан баш тартсаңар, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим кылсаңар,
20
анда Ысрайылды Өзүм берген жерден жок кылып, Өз ысымым менен ыйыктаган ушул ийбадаткананы таштап коём, аны бардык элдерге ылакап, күлкү кылам.
21
Ушул улуу ийбадаткананын жанынан өтүп бара жаткан ар ким үрөйү уча: “Эмне үчүн Теңир бул жерди ушундай кылды, эмне үчүн ушул үйдү ушундай кылды?” – деп таң калышат.
22
Ошондо: “Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салышып, башка кудайларга жабышып, аларга кызмат кылып, таазим кылганы үчүн, Теңир алардын башына ушундай кырсыкты салды”, – деп айтышат».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36