bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 26
2 Chronicles 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 27 →
1
Бүткүл жүйүт эли чогулуп, он алтыга чыккан Узияны атасы Аматсиянын ордуна падыша кылып коюшту.
2
Падыша көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Ошондон кийин Узия Эйлатты куруп, аны Жүйүткө кайрып алды.
3
Узия он алты жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик эле.
4
Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.
5
Ал Кудайдан коркууну үйрөткөн Захариянын тушунда Кудайга кайрылып турду. Ал Кудайга кайрылып турган убакта, Кудай аны ийгиликке жеткирип турду.
6
Ал пелиштиликтер менен салгылашып, Гаттын, Жапненин, Азоттун дубалдарын талкалады. Азот аймагына жана пелиштиликтердин аймагына жаңы шаарларды курду.
7
Пелиштиликтер менен, Гур-Баалда жашаган аравиялыктар менен жана мейуниттиктер менен болгон согушта Кудай ага жардам берди.
8
Узияга амондуктар салык төлөп турушту. Анын ысымы Мисир жерине чейин жетти, анткени ал абдан күч-кубаттуу падыша болгон.
9
Узия Иерусалимдин бурч-бурчундагы дарбазаларынын үстүнө, өрөөндү караган дарбазаларынын үстүнө жана бурчуна мунараларды куруп, аларды бекемдеди.
10
Чөлгө да мунараларды салып, кудуктарды казды, анткени анын ойдо да, түздө да көп малы болгон. Тоолордо, Кармелде дыйкандары менен багбандары бар эле, анткени ал дыйканчылыкты жакшы көрчү.
11
Узиянын кошуундарга бөлүнгөн согушка чыкчу мыкты аскерлери да болгон, аларды падышанын төрөлөрүнөн болгон Хананиянын жетекчилиги астында Жейел катчы менен Маасея көзөмөлчү санап чыгып, тизмеге каттаган.
12
Тайманбас жоокерлерди башкарган уруу башчылардын саны эки миң алты жүз болгон.
13
Алардын кол астында душманга каршы салгылашта падышага жөлөк боло турган, согушка жалтанбай кире турган үч жүз жети миң беш жүз аскери болгон.
14
Узия бүт аскерлери үчүн калкандарды, найзаларды, туулгаларды, соотторду, жааларды, салмоор таштарды арбын даярдады.
15
Ал Иерусалимдин мунараларына, бурчтарына акылдуу кишилер ойлоп тапкан жебе тарткан, таш ыргыткан куралдарды орнотту. Ошентип, анын атагы алыска кетти, анткени ал укмуштуудай коргонуп, күч-кубаттуу падыша болуп калды.
16
Бирок күч-кубаттуу болуп калганда, анын жүрөгү менменсинип кетти, ошол анын өлүмүнө себеп болду. Ал өз Кудай-Теңиринин алдында кылмышкер болуп калды. Анткени ал жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн, Теңирдин ийбадатканасына кирди.
17
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен Теңирдин сексен адил ыйык кызмат кылуучусу анын артынан кирди.
18
Алар падыша Узияга каршы болуп, мындай дешти: «Теңирге жыпар жыттуу зат түтөтө турган сен эмессиң, Узия, бул иш – жыпар жыттуу зат түтөтүүгө арналган ыйык кызмат кылуучулардын, Арундун уулдарынын иши. Ыйык жайдан чыгып кет, сен мыйзамда жок ишти кылдың, бул иш үчүн Кудай-Теңирден сага урмат көрсөтүлбөйт».
19
Ошондо колуна жыпар жыттуу зат түтөтө турган чөйчөктү кармап турган Узиянын ачуусу келди. Ал ыйык кызмат кылуучуларга ачууланган кезде, Теңирдин үйүндөгү жыпар жыттуу зат түтөтүлө турган жайда, ыйык кызмат кылуучулардын көз алдында анын чекесине так түштү, аны пес оорусу каптады.
20
Башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен бардык ыйык кызмат кылуучулар аны карап, анын чекесиндеги пес ооруну көрүштү. Аны ал жерден чыгып кетүүгө мажбурлашты, ал өзү да кетүүгө шашылды, анткени Теңир аны жазалады.
21
Ошентип, Узия падыша өлөр-өлгөнчө пес оорусу менен ооруп, өзүнчө үйдө жашады. Теңир үйүнөн чыгарылды. Падышанын үйүнө анын уулу Жотам көз салып, элди башкарды.
22
Узиянын калган иштерин, алгачкысын да, акыркысын да Амостун уулу Ышайа пайгамбар жазып калтырды.
23
Ошентип, Узия ата-бабаларына кошулду. Эл аны: «Бул пес оорулуу», – деп, ата-бабаларынын жанына, падышалардын мүрзөлөрүнөн обочороок талаага коюшту. Анын ордуна уулу Жотам падыша болду.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36