bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 12
2 Chronicles 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 13 →
1
Рехабамдын бийлиги чыңдалып, күч-кубаттуу болгон кезде, ал Теңирдин мыйзамдарын таштады жана аны менен кошо бүт Ысрайыл эли да таштады.
2
Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак Иерусалимге каршы бет алды (анткени алар Теңирден четтеп кетишкен).
3
Ал бир миң эки жүз майдан арабасы жана алтымыш миң атчан аскери менен кол салды. Аны менен кошо Мисирден эсепсиз көп луптуктар, суктуктар, эфиопиялыктар келишти.
4
Ал Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды каратып алып, Иерусалимге келди.
5
Ошондо Шишактан качып, Иерусалимге келген Жүйүт аймагынын төрөлөрүнө жана Рехабамга Шемая пайгамбар келип, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Силер Мени таштап койгондуктан, Мен силерди Шишактын колуна салып берем”».
6
Ошондо жүйүт төрөлөрү менен падыша моюн сунуп: «Теңир адилет!» – дешти.
7
Теңир алардын моюн сунганын көргөндө, Шемаяга Теңирден мындай деген сөз болду: «Булар моюн сунушту, аларды кырып жок кылбайм, жакында куткарам, Иерусалимге Шишактын колу менен каарымды төкпөйм.
8
Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши үчүн, алар ага кул болушат».
9
Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кирип, Теңир үйүндөгү казыналар менен падыша үйүндөгү байлыктарды алды. Сулайман жасаган алтын калкандар менен буюмдардын бардыгын алды.
10
Падыша Рехабам алардын ордуна жез калкандарды жасап, падыша үйүн кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.
11
Падыша Теңир үйүнө киргенде, сакчылар аларды көтөрүп келип, кайра сакчылардын бөлмөсүнө алып кетишчү.
12
Ал моюн сунгандан кийин, Теңир каарданганын токтотту, анын тукумун биротоло жок кылган жок, анткени Жүйүт аймагында жакшы нерсе бар эле.
13
Рехабамдын падышачылыгы чыңдалып, Иерусалимде падышачылык кыла берди. Рехабам падыша болгондо кырк бир жашта эле. Теңир Өзүнүн ысымын орнотуш үчүн, Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Өзү тандап алган Иерусалим шаарында он жети жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты – Наама, ал амондук болчу.
14
Ал жаман иштерди кылды, анткени жүрөгүн Теңирди издөөгө бурган жок.
15
Рехабамдын алгачкы жана акыркы иштери Шемая пайгамбардын жазууларында жана көрөгөч Ыданын санжырасында жазылган. Рехабам өмүр бою Жаробам менен согушуп келди.
16
Рехабам көз жумуп, ата-бабалары жаткан жайга кошулуп, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Абиям падыша болду.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36