bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 18
2 Chronicles 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 19 →
1
Жошапат көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду. Анан ал Ахап менен туугандашты.
2
Ал бир нече жылдан кийин Самариядагы Ахапка барды. Ахап ага жана аны менен келген адамдарга көп бодо мал менен майда мал союп, аны Гилаттын Рамотуна кол салууга көндүрдү.
3
Ысрайыл падышасы Ахап Жүйүт падышасы Жошапатка: «Мени менен Гилаттын Рамотуна барасыңбы?» – деди. Ал ага: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сени менен согушка барам!» – деди.
4
Жошапат Ысрайыл падышасына: «Бүгүн Теңирден сура, Ал эмне дээр экен?» – деди.
5
Ысрайыл падышасы пайгамбарлардан төрт жүз адамды чогултуп, аларга: «Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Алар: «Баргыла, Кудай аны падышанын колуна салып берет» – деп айтышты.
6
Жошапат: «Бул жерде дагы Теңирдин пайгамбары барбы? Ошондон сурап көрөлүчү», – деди.
7
Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирден сурасак болот, бирок мен аны жактырбайм, анткени ал мен тууралуу жакшы пайгамбарчылык кылбайт, дайыма жаман пайгамбарчылык кылат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат: «Андай дебе, падыша», – деди.
8
Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирээк барып, Жимланын уулу Михейди алып кел», – деди.
9
Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат, ар бири өз тагында падыша кийимдерин кийип отурушту. Алар Самария дарбазасынын алдындагы аянтта отурушту, бардык пайгамбарлар алардын алдында пайгамбарчылык кылып жатышты.
10
Кенаананын уулу Ситкия маңдайына темир мүйүздөрдү кармап туруп, мындай деди: «“Сен булар менен сириялыктарды өлтүрө сүзөсүң”, – деп жатат Теңир».
11
Пайгамбарлардын бардыгы пайгамбарчылык кылып: «Гилаттын Рамотуна бар, жеңишке жетесиң, Теңир аларды падышанын колуна салып берет», – дешти.
12
Михейди чакырып келгени кеткен киши ага келип: «Пайгамбарлардын бардыгы бир ооздон падышанын жолу болот деп жатышат, сенин сөзүң да булардын айтканындай болсун, сен да жакшы сөз айт», – деди.
13
Михей: «Теңир тирүү, Кудай эмне десе, мен ошону айтам», – деди.
14
Анан ал падышага келди, падыша ага: «Михей, биз Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Тиги: «Баргыла, жеңишке жетесиңер, алар колуңарга салынып берилет», – деди.
15
Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыкты гана айтышың үчүн, канча жолу ант бердирейин?» – деди.
16
Михей мындай деди: «Бүт Ысрайыл уулдарынын кайтаруучусу жок жайылган койлордой тоо-тоого чачырап кеткенин көрдүм. Ошондо Теңир: “Булардын башчысы жок, ар кимиси өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”, – деди».
17
Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен сага айтпадым беле, бул мен жөнүндө жакшы пайгамбарчылык кылбайт, жалаң гана жаман пайгамбарчылык кылат», – деди.
18
Михей: «Теңирдин сөзүн уккула: Мен Өз тагында отурган Теңирдин Өзүн көрдүм, бардык асман кошуундары Анын оң кол тарабында да, сол кол тарабында да турушуптур.
19
Теңир: “Гилаттын Рамоту менен согушууга барып өлүшү үчүн, Ысрайыл падышасы Ахапты ким азгырат?” – деди. Бири мындай, бири тигиндей деп айтышты.
20
Теңирдин алдына бир рух келип: “Аны мен азгырам”, – деди. Теңир андан: “Эмне менен?” – деп сурады.
21
Ал: “Мен чыгам да, анын пайгамбарларынын оозунда жалган рух болом”, – деди. Теңир: “Сен аны азгыра аласың, муну кыла аласың, бар, так ошондой кыл”, – деди.
22
Мына эми Теңир сенин пайгамбарларыңдын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок», – деди.
23
Кенаананын уулу Ситкия келип, Михейди жаакка чаап: «Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөгүдөй, менден Ал кайсы жол менен кетип калды?» – деди.
24
Ошондо Михей: «Мына, сен муну жашыныш үчүн бөлмөдөн бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.
25
Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу Жаашка алып барып,
26
аларга: “Муну зынданга салгыла, мен аман-эсен кайтып келгенче, бир аз нан менен суу берип багып тургула”, – деп падыша айтты дегиле».
27
Ошондо Михей: «Эгерде сен аман-эсен келсең, анда Теңир мен аркылуу сүйлөгөн жок», – деди. Анан: «Муну баарыңар уккула, калайык!» – деди.
28
Ысрайыл падышасы Ахап менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамоту менен согушууга жөнөштү.
29
Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен башка кийим кийип, салгылашка кирем, сен болсо өзүңдүн падыша кийимиңди кий», – деди. Ысрайыл падышасы башка кийим кийип, салгылашка кирди.
30
Сирия падышасы өзүнүн майдан арабаларынын башчыларына: «Чоңу менен да, кичинеси менен да салгылашпагыла, Ысрайыл падышасы менен гана салгылашкыла», – деди.
31
Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен салгылашуу үчүн курчоого алышты. Бирок Жошапат кыйкырып жиберди, Теңир ага жардамга келди, Кудай аларды андан буруп кетти.
32
Майдан арабаларынын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, андан бурулуп кетишти.
33
Ошол арада бир кишинин тартып жиберген жебеси капысынан Ысрайыл падышасына тийди. Жебе падыша кийип жүргөн сооттун бириккен жеринен өтүп кетип аны жарадар кылды. Падыша арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин арасынан алып кет, анткени мен жарадар болуп калдым», – деп айтты.
34
Бирок ал күнкү салгылаш күч алып кетти. Ысрайыл падышасы кечке чейин майдан арабасында сириялыктардын каршысында туруп, күн батып бара жатканда өлдү.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36