bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 4
2 Chronicles 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 5 →
1
Жезден узуну жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги он чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жасады.
2
Жезден бир четинен экинчи четине чейин он чыканак, тереңдиги беш чыканак болгон чоң тегерек чара жасады. Чараны тегерете отуз чыканак чынжыр менен курчады.
3
Чаранын астында тегерете, бардык тарабында жезден куюлган өгүздөр турган. Чараны тегерете он чыканак чара менен кошо куюлган эки катар өгүздөр турган.
4
Үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты караган он эки өгүздүн үстүндө чара турду. Өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турду.
5
Ал чаранын калыңдыгы алакандын жазысындай эле, жээктери чөйчөктүн четиндей, ачылган лилияга окшош жасалды. Анын сыйымдуулугу үч миң бат.
6
Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардын өрттөөгө даярдалган бөлүктөрүн жууш үчүн, он жез жуунгуч жасап, бешөөнү оң тарапка, бешөөнү сол тарапка койду. Чоң чараны болсо ыйык кызмат кылуучулар жуунуш үчүн жасады.
7
Анан долбоордун негизинде он алтын чырактан жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду.
8
Он үстөл жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду. Анан алтындан жүз чара жасады.
9
Ыйык кызмат кылуучулардын короосун жана чоң короо жасады. Бул короолорго эшиктерди жасап, аларды жез менен каптады.
10
Чоң чараны Кудай үйүнүн оң тарабына, түштүк-чыгышка орнотту.
11
Хурам казандарды, калактарды, чараларды жасады. Ошентип, Хурам Сулайман падыша үчүн, Кудай үйүндө баштаган өзүнүн иштерин бүтүрдү:
12
ал эки мамы, мамылардын башын курчаган эки таажы, мамынын башын курчаган эки таажы үчүн эки тор жасады,
13
ар бир торго эки катардан төрт жүз анар жасап, мамылардын үстүндөгү таажыларды жапты.
14
Ал жуунгучтарды, алардын астына дөңгөлөктүү койгучтарды,
15
чоң чараны жана анын астындагы он эки жез өгүздү,
16
чылапчындарды, калактарды, аш айрыларды жасады. Хурам-Абий Теңир үйү үчүн Сулайман падышага жалтылдаган жылма жезден бардык керектүү буюмдарды жасады.
17
Падыша аларды Иордандын чет-жакасындагы Сукот менен Серейдат аралындагы чополуу жерге куюп жасады.
18
Сулайман бул буюмдарды өтө көп жасагандыктан, канча салмактагы жез сарпталганын билишкен жок.
19
Сулайман ошондой эле Кудай үйүнө бардык буюмдарды, алтындан курмандык чалынуучу жай жана нан тартуулары коюлчу үстөлдөрдү,
20
мыйзам боюнча ыйыктын ыйык бөлмөсүнүн алдында күйгүзүп туруу үчүн таза алтындан чырактандар менен чырактарды,
21
эң таза алтындан гүлдөрдү, чырактарды, кычкачтарды,
22
эң таза алтындан бычактарды, чараларды, табактарды, чок салгычтарды, алтындан ийбадаткананын эшиктерин, ичиндеги ыйыктын ыйык бөлмөсүнө кирүүчү эшиктерди, ыйык жайга кирүүчү эшиктерди жасады.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36