bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 8
2 Chronicles 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 9 →
1
Теңирдин үйү менен өз үйүн Сулайман жыйырма жылда куруп бүттү.
2
Анан ал Хирам берген шаарларды кайрадан куруп, ал шаарларга Ысрайыл уулдарын отурукташтырды.
3
Сулайман Хамат-Собага барып, аны каратып алды.
4
Чөлгө Тадмор шаарын курду, ал азык-түлүк сактоо үчүн, Хаматка бардык шаарларды курду.
5
Ал дубалдары бийик, дарбазалары, кулпулары бекем, чептүү жогорку Бейт-Хорон менен төмөнкү Бейт-Хоронду,
6
Баалатты жана Сулаймандын азык-түлүк сактоо үчүн курулган бардык шаарларын кайрадан курду. Майдан арабалар менен атчан аскерлер үчүн, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө тиешелүү жерлерде курам деген бардык шаарларды курду.
7
Ысрайыл уулдарынан эмес болгон хеттиктерден, аморлуктардан, периздиктерден, хибиликтерден жана жебустуктардан калган бардык элди,
8
Ысрайыл уулдары тирүү калтырган алардын балдарынын бардыгын Сулайман бүгүнкү күнгө чейин эрксиз жумушчу кылып салган.
9
Сулайман Ысрайыл уулдарын болсо өз жумуштарына иштеткен жок, алар аскерлер, аны кайтарган сакчылардын башчылары, майдан арабалардын, атчан аскерлердин башчылары эле.
10
Сулайман падышанын эл башкарган башкы көзөмөлдөөчүлөрүнүн саны эки жүз элүү болду.
11
Сулайман Дөөттүн шаарынан фараондун кызын ал үчүн курган үйгө көчүрүп келди. Себеби ал: «Ысрайыл падышасы Дөөттүн үйүндө аял жашабашы керек, анткени Теңирдин келишим сандыгы турган үй ыйык», – деди.
12
Ошондон кийин Сулайман Мусанын осуяты боюнча, ар бир күндүн эрежеси менен ишембиде, ай жаңырганда жана жылына үч жолу: Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында, Алачыктар майрамында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруу үчүн,
13
Кудай үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн алдында орнотулган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала баштады.
14
Анан ал атасы Дөөттүн буйругу боюнча кызмат кылуу кезегин белгиледи. Ал ар бир күндүн мыйзамы боюнча Теңирди даңктап, ыйык кызмат кылуучулардын жанында кызмат кылып турушу үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын кызмат кылуу кезегин, лебилердин кайтаруу кезегин белгиледи. Ошондой эле дарбазачылардын ар бир дарбазаны кайтаруу кезегин белгиледи. Анткени Кудайдын кишиси Дөөттүн буйругу ушундай болчу.
15
Алар ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, казынага карата берилген падышанын эч бир буйругун бузушкан жок.
16
Теңирдин үйүнүн пайдубалын кургандан баштап, аны толук бүтүргөнгө чейин, Сулаймандын бардык иштери ушундай тартипте болду.
17
Ошондон кийин Сулайман эдомдуктардын жериндеги деңиз жээгинде жайгашкан Этсион-Гебер менен Эйлатка жөнөдү.
18
Хирам ага өзүнүн кишилери менен кошо кемелерди жана деңизди жакшы билген кулдарды жөнөттү. Алар Сулаймандын кулдары менен Опирге барып, ал жерден төрт жүз элүү талант алтын алышып, Сулайман падышага жеткиришти.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36