bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 20
2 Chronicles 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 21 →
1
Ошондон кийин мааптыктар менен амондуктар жана Маон өлкөсүнүн айрым адамдары Жошапат менен согушууга жөнөштү.
2
Жошапатка: «Деңиздин ары жагынан, Сириядан сага каршы аттанган кара кол келе жатат, алар Хасатсон-Тамарга, башкача айтканда, Эйин-Гедиге келип калышты», – деп айтып келишти.
3
Ошондо Жошапат коркуп, Теңирди издеш үчүн жүзүн бурду жана бүткүл Жүйүт аймагына орозо жарыялады.
4
Жүйүттөр Теңирден жардам суроого жыйналышты. Алар Жүйүттүн бардык шаарларынан келип, жалынып-жалбарып, Теңирден жардам сурашты.
5
Жошапат Теңир үйүнүн жаңы короосунун алдында, жүйүттөр менен иерусалимдиктердин арасында туруп, мындай деди:
6
«Теңир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсиң. Бардык элдердин падышачылыгына бир Өзүң бийлик кыласың, күч да, кубат да Өзүңдүн колуңда, Сага каршы чыккан эч ким туруштук бере албайт!
7
Кудайыбыз, Өз элиң Ысрайылдын алдынан ушул жердин элин кууп чыккан, ал жерди Өзүңдүн досуң Ыбрайымдын тукумуна түбөлүккө берген Сен эмес белең!
8
Алар бул жерге отурукташып, Сенин ысымыңа арнап ыйык жай куруп, мындай дешкен:
9
“Биздин башыбызга мүшкүл түшкөндө: жазалоочу кылыч, же жугуштуу оору, же ачарчылык түшкөндө, биз ушул үйгө, Сенин алдыңа келебиз, анткени бул үйдө Өзүңдүн ысымың турат. Кыйын-кысталышта биз Сени чакырсак, Сен биздин үнүбүздү угуп, куткарып каласың”.
10
Азыр бул жерге амондуктар, мааптыктар жана Сеир тоосунда жашагандар келишти. Ысрайылдыктар Мисирден чыгып келе жатканда, Сен булардын жеринен өтпөгүлө дегенсиң, ошондуктан алар айланып өтүп, буларды тукум курут кылган эмес.
11
Эми алар ошол жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип жатышат. Өзүң бизге мурастап берген, Өзүң ээлик кылган жерден бизди кууп чыкканы келишти.
12
Кудайыбыз! Буларды Өзүң жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин көзүбүз Сенде!»
13
Бүт Жүйүт эли бала-бакырасы, аялдары, эр жигиттери менен Теңирдин алдында турушту.
14
Ошондо жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге Теңирдин Руху түштү. Жахазиел – Захариянын уулу, Захария – Бенаянын уулу, Беная – Жейелдин уулу, Жейел – Асаптын уулдарынан чыккан Матаниянын уулу.
15
Ошондо ал мындай деди: «Жүйүттөр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарыңар уккула! Теңир силерге мындай дейт: “Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон үрөйүңөр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы.
16
Эртең аларга каршы чыгасыңар. Азыр алар Сис дөңсөөсүнө чыгып келе жатышат, силер аларды өрөөндүн аягынан, Жеруел чөлүнүн алдынан табасыңар.
17
Бул жолу силер согушпайсыңар. Силер карап тургула, Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр. Жүйүт менен Иерусалим! Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла! Эртең аларга каршы чыгасыңар, Теңир силер менен болот”».
18
Жошапат жерге жете таазим этти. Жүйүт эли менен Иерусалим тургундары да Теңирге таазим кылып, Анын алдына жыгылышты.
19
Каат уулдары менен Корак уулдарынан чыккан лебилер туруп, катуу үн менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин мактап ырдашты.
20
Алар эртең менен эрте туруп, Текоя чөлүнө бет алышты. Алар жолго чыкканда, Жошапат өйдө туруп, мындай деди: «Жүйүттөр менен Иерусалим тургундары, мени уккула! Өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ишенгиле, бекем тургула. Анын пайгамбарларына ишенгиле, ошондо ийгиликке жетесиңер».
21
Ал эл менен кеңешип, Теңирге ырдай турган ырчыларды койду. Аларды куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап: «Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!» – деп Теңирди даңазаласын деп койду.
22
Алар Теңирди даңктап, даңазалап бара жатканда, Теңир Жүйүт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрдү. Алар кырылып калышты.
23
Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды өлтүрүштү. Аларды кырып бүткөндөн кийин, бири-бирин кырып салышты.
24
Жүйүттөр чөлдөгү дөбөгө келгенде, калың колду карашса, өлүктөр экен, бир да тирүү жан калбаптыр.
25
Жошапат эли менен олжону алганы келди. Алар абдан көп мал-мүлк, кийим-кече, кымбат баалуу асыл буюмдарды алышты. Олжонун көптүгүнөн көтөрө албай жатышты. Олжо ушунчалык көп болгондуктан, алар аны үч күн ташышты.
26
Ал эми төртүнчү күнү Бата өрөөнүнө чогулуп, Теңирди даңкташты. Ошондуктан ал жерди бүгүнкү күнгө чейин Бата өрөөнү дешет.
27
Жошапат башында турган Жүйүт аймагындагылар менен иерусалимдиктер Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Теңир аларга душманынын үстүнөн жеңиш берди.
28
Алар Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө арфа, лира, сурнай менен келишти.
29
Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктар Ысрайылдын душмандары менен Теңир Өзү салгылашканын угушканда, Кудайдан коркуп калышты.
30
Ошентип, Жошапаттын падышачылыгы тынчтанып калды. Анын Кудайы ага туш тарабынан тынчтык берди.
31
Жошапат Жүйүт аймагына мына ушундай падышачылык кылды. Ал падыша болуп такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Азуба, ал – Шилхинин кызы.
32
Ал өз атасы Асанын жолу менен жүрүп, анын жолунан оңго да, солго да кыйшайган жок, Теңирге жаккан иштерди кылды.
33
Бирок бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок, эл да ата-бабаларынын Кудайына жүрөктөрүн толугу менен бура элек эле.
34
Жошапаттын алгачкы жана акыркы иштери Ханани уулу Жейунун жазууларында жазылган, алар Ысрайыл падышаларынын китебине киргизилген.
35
Бирок ошондон кийин Жүйүт падышасы Жошапат мыйзамсыз иштерди кылган Ысрайыл падышасы Ахазай менен келишим түздү.
36
Аны менен келишим түзгөнүнүн себеби Таршышка жөнөтүш үчүн, кемелерди жасатуу керек эле. Кемелерди алар Этсион-Геберде жасашты.
37
Марейшадан чыккан Додабайдын уулу Элиезер Жошапатка пайгамбарчылык кылып: «Ахазай менен келишим түзгөндүгүң үчүн, Теңир кылган ишиңди талкалайт», – деди. Ошондо кемелери талкаланып, Таршышка бара албай калышты.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36