bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 10
2 Chronicles 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 11 →
1
Рехабам Шекемге жөнөдү, анткени бүт ысрайылдыктар аны падыша кылыш үчүн, Шекемге келишкен эле.
2
Небаттын уулу Жаробам бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди, анткени ал Сулаймандан качып, Мисирде жашап турган.
3
Ага киши жиберип чакыртышты. Жаробам менен бүткүл Ысрайыл келип, Рехабамга мындай дешти:
4
«Сенин атаң бизге оор моюнтурук салган, сен эми атаңдын бизге салган оор моюнтуругун жана оор жумушун жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
5
Рехабам аларга: «Yч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
6
Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында турган аксакалдар менен кеңешип, алардан: «Кандай кеңеш бересиңер, бул элге эмне деп жооп берейин?» – деп сурады.
7
Алар: «Эгерде сен бул элге жакшы мамиле кылсаң, алардын көңүлүн алсаң, алар менен жакшы сүйлөшсөң, анда алар сага өмүр бою кул болушат», – дешти.
8
Бирок ал аксакалдар айткан акылды укпай, өзүнүн алдында турган, өзү менен бирге өскөн жаш мырзалар менен кеңешти.
9
Аларга: «Кандай кеңеш бересиңер, “Атаң башыбызга салган оор моюнтурукту жеңилдет”, – деп жаткан элге эмне деп жооп берейин?» – деди.
10
Аны менен бирге өскөн жаш мырзалар ага мындай дешти: «“Атаң бизди эзген, сен ал моюнтурукту жеңилдет”, – деген элге сен: “Атамдын белинен менин чыпалагым жоонураак,
11
атам силерге оор моюнтурук салса, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен сабаса, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм”, – дегин».
12
Жаробам менен бүт эл Рехабамга үчүнчү күнү келишти, анткени ал: «Yч күндөн кийин кайра келгиле», – деп айткан эле.
13
Ошондо падыша аларга катаал жооп берди. Рехабам падыша аксакалдардын акылын укпай, жаш мырзалардын кеңеши боюнча мындай деди:
14
«Атам силерге оор моюнтурук салган, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен жазаласа, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм».
15
Ошентип, падыша элдин өтүнүчүн укпай койду, анткени бул Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небаттын уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн, Кудайдан болгон эле.
16
Падыша алардын сөзүн укпай койгонун көргөн ысрайылдыктардын баары ага: «Дөөттө биздин кандай үлүшүбүз бар? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Өз үйүңөргө тарагыла, Ысрайыл! Эми өз урууңду бил, Дөөт», – дешти. Ысрайылдыктар үйлөрүнө тарап кетишти.
17
Рехабам Жүйүт шаарларында турган Ысрайыл уулдарына гана падыша болуп калды.
18
Рехабам Адонурам башчыны салык чогултканы жибергенде, Ысрайыл эли аны таш бараңга алып өлтүрдү. Рехабам падыша арабасына отуруп, Иерусалимге качып жөнөдү.
19
Ысрайыл ошондон бүгүнкүгө чейин Дөөт тукумуна каршы.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36