bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 28
2 Chronicles 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 29 →
1
Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле, ал Иерусалимге он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.
2
Ал Ысрайыл падышаларынын жолуна түшүп кетти, атүгүл, Баал буркандарын куюп жасады.
3
Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө жыпар жыттуу зат түтөттү. Теңир Ысрайыл уулдарынын көз алдында кууп чыккан элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, өз балдарын отко өрттөдү.
4
Бийик жердеги бутканаларда, дөбөлөрдө, ар кандай бутактуу дарактардын түбүнө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөттү.
5
Ошондо анын Кудай-Теңири аны Сирия падышасынын колуна салып берди. Алар аны талкалап, көп адамын колго түшүрүп, Дамаскка алып кетишти. Ошондой эле аны Ысрайыл падышасынын колуна салып беришти, ал аны катуу талкалады.
6
Ремалия уулу Пеках жүйүттөрдүн жүз жыйырма миң эр жүрөк жоокерин бир күндө өлтүрдү, анткени алар ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап коюшкан.
7
Эпрайымдыктардын алп балбаны Зихри падышанын уулу Маасеяны, сарай башчысы Азрикамды жана падышадан кийинки экинчи киши Элкананы өлтүрдү.
8
Ысрайыл уулдары өз бир туугандары жүйүттөрдүн эки жүз миң аялын, уулдарын, кыздарын туткундап алышты. Ошондой эле алардын мал-мүлкүн талап-тоноп алып, Самарияга жөнөтүштү.
9
Ал жерде Теңирдин пайгамбары бар эле, анын аты – Одейт. Ал Самарияга келе жаткан аскерлердин алдынан чыгып, аларга мындай деди: «Мына, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири жүйүттөргө каарданып, аларды силердин колуңарга салып берди, силер аларды асманга жеткен ушунчалык катуу каар менен талкаладыңар.
10
Эми силер Жүйүт менен Иерусалимдин уулдары менен кыздарын өзүңөргө кул, күң кылгыңар келип жатат. Кудай-Теңирдин алдында өзүңөр күнөөлүү эмессиңерби?
11
Менин тилимди алып, туткундап алган бир туугандарыңарды артка жөнөткүлө, анткени Теңир силерге каарданып жатат».
12
Эпрайым уулдарынын кээ бир эл башчылары: Жоханан уулу Азария, Мешилеймоттун уулу Берекия, Шалумдун уулу Жехиския, Хадлайдын уулу Амаса согуштан келе жаткан аскерлердин алдына тура калышты.
13
Анан аларга мындай дешти: «Туткундарды бул жерге алып келбегиле, анткени Теңирдин алдында күнөөгө батабыз. Өзүбүздүн кылмыштарыбыз менен күнөөлөрүбүздүн үстүнө дагы күнөө кошолу дейсиңерби? Биздин күнөөлөрүбүз өтө көп, Теңир Ысрайылга каарданып жатат».
14
Ошондо жоокерлер туткундар менен олжолорду аскер башчылар менен бүт элдин алдында калтырышты.
15
Аттары аталган эркектер туруп келип, туткундарды бошотуп, ач-жылаңачтарды олжодон кийиндирип, буттарына бут кийим берип, тамактандырып, зайтун майын сүйкөп, алсыздарын эшектерге мингизип, өз бир туугандарын карай, курма пальмасы өскөн Жерихо шаарына жөнөтүштү, өздөрү Самария өлкөсүнө кайтып келишти.
16
Ошол кезде Ахаз падыша жардам сурап, Ашур падышаларына киши жөнөттү.
17
Анткени эдомдуктар дагы келип, алардын көбүн талкалап, туткундап кетишти.
18
Пелиштиликтер түзөңдөгү шаарларга, Жүйүт аймагынын түштүк тарабына кирип барышып, Бейт-Шемешти, Айалонду, Гедейротту, Сохону жана анын карамагындагы шаарларды, Тимнаны жана анын карамагындагы шаарларды, Гимзону жана анын карамагындагы шаарларды багынтып, ошол жерлерге отурукташып алышты.
19
Теңир Жүйүт аймагын Жүйүт падышасы Ахаз үчүн мына ушинтип жазалады, анткени ал Жүйүт аймагын бузуп жиберген, Теңирдин алдында оор күнөөгө баткан.
20
Ага Ашур падышасы Тиглат-Пилнесер да келди. Ал ага жардам бермек түгүл, ага көп түйшүк алып келди.
21
Анткени Ахаз Теңир үйүнүн, падышанын үйүнүн жана төрөлөрдүн казыналарын алып, Ашур падышасына берген. Бирок бул да ага жардам берген жок.
22
Ахаз падыша кыйналып жаткан убагында да Теңирдин алдында мыйзамсыздык кыла берди.
23
«Сирия падышаларынын кудайлары аларга жардам берип турат. Аларга арнап курмандык чалсам, алар мага жардам беришет», – деп, ал Дамаск кудайларына курмандык чалды, анткени мени талкалаган ошолор деп ойлоду. Бирок бул иштер Ахаздын жана бүткүл Ысрайылдын кулап калуусуна себеп болду.
24
Ахаз Кудай үйүндөгү идиштерди жыйнап алып, аларды талкалады. Анан Теңир үйүнүн эшиктерин бекитип салды, Иерусалимдин бардык булуң-бурчтарына курмандык чалынуучу жайларды жасады.
25
Жүйүттүн бардык шаарларында башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн бутканаларды куруп, өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин каардантты.
26
Анын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.
27
Ахаз көз жумуп, өз ата-бабаларына кошулду, аны Иерусалим шаарына коюшту, бирок Ысрайыл падышаларынын мүрзөсүнө коюшкан жок. Анын ордуна баласы Хиския падыша болду.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36