bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 11
2 Chronicles 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 12 →
1
Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл менен согушуп, падышачылыгын кайрып алыш үчүн, Жүйүт менен Бенжеминдин тукумунан жүз сексен миң тандамал аскер жыйнады.
2
Кудайдын кишиси Шемаяга Теңирден мындай деген сөз айтылды:
3
«Жүйүт падышасы, Сулаймандын уулу Рехабамга жана Жүйүт менен Бенжемин тукуму болгон бүт ысрайылдыктарга мындай дегин:
4
Теңир мындай деп айтты де: “Бир туугандарыңарга каршы чыкпагыла, алар менен согушпагыла. Ар кимиңер өз үйүңөргө кайткыла, анткени муну Мен кылып жатам”». Алар Теңирдин айтканына тил алып, Жаробамга каршы барбай, үйлөрүнө кайтышты.
5
Рехабам Иерусалимде жашап турду. Ал Жүйүт аймагынын шаарларын дубалдар менен курчады.
6
Жүйүт аймагындагы жана Бенжеминдеги шаарларды: Бейт-Лехемди, Эйтамды, Текояны,
7
Бейт-Сурду, Сохону, Адуламды,
8
Гатты, Марейшаны, Зупту,
9
Адорайымды, Лакишти, Азейканы,
10
Сораны, Айалонду, Хебронду чыңдады.
11
Ал бул шаарлардын чептерин бекемдеп, аларга башчыларды койду жана дан азыктары, дарак майлары менен шараптар үчүн кампаларды курду.
12
Ар бир шаарга калкандарды, найзаларды берип, абдан бекемдеди. Анын карамагында Жүйүт менен Бенжемин калды.
13
Ысрайыл жеринде турган ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ар тараптан ага келип кошулушту.
14
Анткени лебилер шаарлардын жанындагы өздөрүнүн жайыттарын жана ээлик жерлерин таштап, Жүйүт аймагына жана Иерусалимге келишти. Аларды Жаробам менен анын уулдары Теңирге кызмат кылуудан четтетип,
15
Жаробам өзү жасаган бийик жерлердеги бутканаларга да, текелерге да, букачарларга да буткана кызматчыларын койгон болчу.
16
Лебилердин артынан Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Ысрайылдын Кудай-Теңирин издеш үчүн жүрөгүн бургандар ата-бабаларынын Кудай-Теңирине курмандык чалыш үчүн Иерусалимге келишти.
17
Алар жүйүттөрдүн падышачылыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды үч жыл колдошту, анткени алар үч жыл Дөөт менен Сулаймандын жолун жолдошту.
18
Рехабам Дөөттүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Жышайдын уулу Элийаптын кызы Абикейил эле.
19
Абикейил ага Жейуш, Шемария, Заама деген уулдарды төрөп берди.
20
Андан кийин ал Абышаломдун кызы Мааханы алды. Ал аялы ага Абиям, Атай, Зиза жана Шеломит деген балдарды төрөп берди.
21
Рехабам бардык аялдары менен күң аялдарынын ичинен Абышаломдун кызы Мааханы жакшы көрчү. Рехабамдын он сегиз аялы жана алтымыш күң аялы болгон, алардан жыйырма сегиз уул жана алтымыш кыз төрөлгөн.
22
Рехабам Мааханын уулу Абиямды бир туугандарынын үстүнөн үй башчысы жана төрө кылып койду, анткени аны падыша кылгысы келди.
23
Рехабам акыл менен иш жүргүзүп, бардык уулдарын Жүйүт жана Бенжемин жерлерине, чептүү шаарларга жайгаштырып, аларга көп мүлк берип, көп аял алып берди.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36