bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 30
2 Chronicles 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 31 →
1
Хиския Ысрайыл менен Жүйүттүн бардык аймагына чабармандарды чаптырып, Ысрайылдын Кудай-Теңирине арнап Пасах майрамын өткөрүш үчүн, Иерусалимге, Теңирдин үйүнө келүүгө Эпрайым менен Менашеге кат жазып жөнөттү.
2
Падыша өз төрөлөрү менен жана Иерусалимдеги эл менен Пасах майрамын экинчи айда өткөрөлү деп кеңешти.
3
Анткени аны өз убагында өткөрө албай калышкан, себеби ыйык кызмат кылуучулар жетишерлик санда ыйыкталып бүтө элек болчу, эл да Иерусалимге жыйнала элек болчу.
4
Муну падыша да, бүт эл да жактырды.
5
Ысрайылдын Кудай-Теңиринин Пасах майрамын өткөрүш үчүн, Бейер-Шебадан Данга чейинки аймакта жашаган ысрайылдыктардын баарына Иерусалимге келүүнү жарыя кылууну чечишти, себеби мыйзамда жазылгандай, ал майрамды көптөн бери өткөрүшө элек болчу.
6
Чабармандар падышадан, анын төрөлөрүнөн каттарды алып, бардык Ысрайыл менен Жүйүттүн жерлерине чапкылап, падышанын буйругун жар салып жүрүштү: «Оо Ысрайыл уулдары! Ата-бабаңар Ыбрайым, Ыскак, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылгыла! Ошондо Ашур падышаларынын колдорунан аман калган силерге Ал да жүзүн бурат.
7
Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңиринин алдында мыйзамсыз иш кылган өзүңөрдүн ата-бабаларыңар менен бир туугандарыңардай болбогула. Өзүңөр көрүп турганыңардай, Теңир алардын кыйратылуусуна жол берди.
8
Эми ата-бабаларыңарга окшоп тоң моюн болбогула, Теңирге моюн сунгула. Түбөлүккө ыйык кылып койгон Анын ыйык жайына келгиле. Өз Кудай-Теңириңерге кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерден жалындаган каарын кайт кылат.
9
Силер Теңирге кайрылсаңар, силердин бир туугандарыңар, балдарыңар туткундап алгандардан ырайым таап, өз жерине кайтышат, анткени Кудай-Теңириңер ырайымдуу, боорукер. Эгерде силер Кудай-Теңириңерге кайрылсаңар, Ал силерден жүзүн бурбайт».
10
Чабармандар Эпрайымдын, Менашенин жерлеринде шаардан шаарга чапкылап, Забулундун жерине чейин жетишти. Бирок аларды шылдыңдап, мазактап жатышты.
11
Ошого карабастан Ашырдын, Менашенин, Забулундун тукумдарынан кээ бирөөлөр моюн сунуп, Иерусалимге келишти.
12
Жүйүт аймагындагылар Теңирдин сөзү боюнча падыша менен төрөлөрдүн буйруктарын аткарышы үчүн, аларга бир жүрөк берген Кудайдын колу алардын үстүндө болду.
13
Экинчи айда Ачыткысыз нан майрамын өткөрүш үчүн, Иерусалимге көп эл келди, ал жерге көп сандагы эл чогулду.
14
Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайларды кыйратып, таш буркандарга арнап жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайлардын баарын талкалап, Кидрон суусуна ыргытып жиберишти.
15
Экинчи айдын он төртүнчү күнү Пасах майрамына арналган козуну союшту. Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер уялышып, өздөрүн ыйыкташты да, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келишти.
16
Кудайдын кулу Мусанын мыйзамы боюнча, өз тартиби боюнча өз-өз орундарына турушту. Ыйык кызмат кылуучулар лебилердин колунан козунун канын алып, кан чачышты.
17
Жыйналган элдин арасында ыйыкталбаган адамдар көп болгондуктан, таза эместердин ордуна лебилер Теңирге арнап Пасах козусун союшту.
18
Көпчүлүк эл, айрыкча Эпрайымдын, Менашенин, Исахардын, Забулундун тукуму тазаланган эмес экен, ошентсе да, алар Пасах тамагын жешти, бирок мыйзам боюнча эмес.
19
Бирок Хиския алар үчүн: «Кайрымдуу Кудай, ыйыкталбаган болсо да, ата-бабаларынын Кудай-Теңирин издөөгө жүрөгүн бурган ар бир адамды кечире көр!» – деп сыйынды.
20
Теңир Хискиянын сыйынганын угуп, элди кечирди.
21
Иерусалимге келген Ысрайыл уулдары Ачыткысыз нан майрамын жети күн зор кубаныч менен майрамдашты. Лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар күн сайын аспаптарда ойноп, Теңирди даңкташты.
22
Анан Хиския Теңирге чын жүрөктөн кызмат кылган лебилерге жакшы сөздөрдү айтты. Майрам тамактарын жети күн жешип, тынчтык курмандыктарын чалышып, ата-бабаларынын Кудай-Теңирин даңазалашты.
23
Бардык жыйын дагы жети күн майрамдоону чечип, ал жети күндү да шаттык менен өткөрүштү.
24
Анткени Жүйүт падышасы Хиския жыйналган элге бир миң букачар, он миң майда мал берди жана төрөлөр да жыйналган элге бир миң букачар, он миң майда мал беришти. Ошентип, ыйыкталган ыйык кызмат кылуучулардын саны көбөйдү.
25
Жүйүт аймагынан келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер, Ысрайылдан келген эл, Жүйүт жана Ысрайыл жеринде жашаган келгиндердин бардыгы көңүл ачышты.
26
Иерусалимде укмуштай кубанычтуу улуу майрам болду. Анткени Ысрайыл падышасы Дөөт уулу Сулаймандын тушунан бери мындай майрам өткөрүлө элек болчу.
27
Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер туруп, жалпы элге бата беришти. Кудай алардын үнүн укту, алардын сыйынуусу Теңирдин асмандагы ыйык жайына жетти.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36