bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 3
2 Chronicles 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 4 →
1
Сулайман Иерусалимде, Мориа тоосунда Теңир үйүн кура баштады. Ал аны атасы Дөөткө Теңир көрсөткөн жерге, Дөөт даярдап кеткен жебустук Арабенанын кырманы турган жерге, кура баштады.
2
Үйдү ал падышачылык бийлигинин төртүнчү жылында, экинчи айдын экинчи күнүндө кура баштады.
3
Сулайман куруп жаткан Кудай үйүнүн пайдубалынын узундугу мурунку чен-өлчөм боюнча алтымыш чыканак, туурасы жыйырма чыканак болду.
4
Yйдүн кире бериш бөлмөсүнүн узундугу имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак, ал эми бийиктиги жүз жыйырма чыканак болду. Анын ички бетин таза алтын менен каптады.
5
Негизги имаратты кипарис жыгачтары менен каптап чыгып, анын үстүнөн эң жакшы алтын менен каптады да, анын бетине пальмалардын жалбырактары менен чынжырчаларды чыгарды.
6
Кооздук үчүн, үйдүн дубалдарын асыл таштар менен каптады. Алтындар Парбайымдын алтындары эле.
7
Yйдү, устундарын, босоголорун, дубалдарын, эшиктерин алтын менен каптады, дубалдарга керуптардын сүрөттөрү оюлуп жасалды.
8
Анан ыйыктын ыйыгы бөлмөсүн жасады. Анын узундугу менен туурасы имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак болду. Аны алты жүз талант таза алтын менен каптады.
9
Мыктардын салмагы элүү шекел алтын болду. Ошондой эле үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады.
10
Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө эки керупту оюп жасап, аларды да алтын менен каптады.
11
Керуптардын канаттарынын узундугу жыйырма чыканак болду. Беш чыканак болгон бир канаты үйдүн дубалына жетип, беш чыканак болгон экинчи канаты экинчи периштенин канаты менен тийишип турду.
12
Ошондой эле экинчи керуптун беш чыканак канаты да дубалга жетип, беш чыканак экинчи канаты экинчи керуптун канаты менен тийишип турду.
13
Бул керуптардын канаттары жыйырма чыканакка жайылып турду, буттары менен турган алардын жүздөрү ичкери карап турду.
14
Жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстүү кездемелерден жана зыгыр кездемеден көшөгө жасап, анын бетине керуптарды түшүрдү.
15
Ийбадаткананын алдына узундугу отуз беш чыканак келген эки мамы орнотту, ар бир мамынын үстүнкү бөлүгүнүн узундугу беш чыканак эле.
16
Ыйык жайдыкындай чынжырчаларды жасап, аларды мамылардын баш жагына койду. Жүз анар жемишин жасап, чынжырчалардын үстүнө койду.
17
Мамыларды ийбадаткананын алдына, бирин анын оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин, сол жагындагысын Бууз деп атады.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36