bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 23
2 Chronicles 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 24 →
1
Бирок жетинчи жылы Жойат күч алып, жүз башчылар: Жерохам уулу Азария, Жоханан уулу Ысмайыл, Обейт уулу Азария, Адая уулу Маасея, Зихри уулу Элишапат менен келишим түздү.
2
Алар бүткүл Жүйүт аймагын кыдырып, бардык Жүйүт аймагынын шаарларынан лебилер менен Ысрайыл тукумунун уруу башчыларын чогултуп, Иерусалимге келишти.
3
Чогулган жыйын Кудай үйүндө падыша менен келишим түздү. Жойат аларга мындай деди: «Теңир Дөөттүн тукуму жөнүндө айткандай, падышанын уулу падыша болушу керек.
4
Силер эми мындай кылгыла: ишембиде келе турган силердин ыйык кызмат кылуучуларыңар менен лебилериңердин үчтөн бир бөлүгү дарбазачы болуп босогодо турушат,
5
дагы үчтөн бир бөлүгүңөр падыша үйүндө, калган үчтөн бир бөлүгүңөр Жесот дарбазасында турасыңар. Ал эми бүт эл Теңир үйүнүн короосунда болот.
6
Теңирдин үйүнө ыйык кызмат кылуучулар менен кызмат кылган лебилерден тышкары эч ким кирбесин. Алар гана кирүүгө акылуу, анткени алар ыйыкталышкан. Калган эл Теңирдин үйүн кайтарып турсун.
7
Лебилер падышаны туш тараптан курчап турушсун, ар биринин колунда курал болсун, ийбадатканага ким кирсе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде жана чыкканда, силер дайыма анын жанында болгула».
8
Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, лебилер менен бүт жүйүттөр так ошондой кылышты. Ар бири ишембиде келип, ишембиде кете турган өз адамдарын алып калышты, анткени ыйык кызмат кылуучу Жойат алмаша турган кезектин эч кимисин коё берген жок.
9
Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат Кудайдын үйүндөгү Дөөттүн курал-жарагын: найзалар менен чоң-кичине калкандарды жүз башыларга таратып берди.
10
Колдоруна курал кармаган бүткүл элди ийбадаткананын оң жагынан сол жагына чейин тизип, курмандык чалынуучу жайдын жанына, үйдүн жанына, падышанын тегерегине койду.
11
Анан падышанын уулун алып чыгып, башына таажы кийгизип, мыйзамдын көчүрмөсүн берип, падыша көтөрүштү. Жойат жана анын уулдары аны майлап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.
12
Падышаны жар салып чуркап жүргөн элдин үнүн угуп, Аталея Теңирдин үйүндөгү элге чыгып барды.
13
Ошондо ал падышанын кире бериштеги мамынын жанында турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын, бардык эл шаттанып, сурнай тартып, ырчылар музыкалык аспаптары менен ырдап, аны даңазалап жатканын көрдү. Аталея кийимдерин айрып: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.
14
Ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларды чакырып алып, мындай деди: «Аны сыртка алып чыккыла, аны ээрчигендерди кылычтап салгыла». Ыйык кызмат кылуучу: «Аны Теңирдин үйүндө өлтүрбөгүлө», – деди.
15
Ага жол бошотушту, ал падыша үйүнүн ат сарайынын кире беришине келгенде, аны ошол жерде өлтүрүп салышты.
16
Бул эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат өзү менен падышанын жана бүт элдин ортосунда келишим түздү.
17
Бүт эл Баалдын бутканасына барып, аны да, анын курмандык чалынуучу жайын да, таш буркандарын да талкалады. Анан алар Баалдын бутканасынын буткана кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын жанында өлтүрүштү.
18
Жойат Теңир үйүндөгү кызматтарды Дөөт бөлүштүрүп кеткендей, лебилер менен ыйык кызмат кылуучуларга тапшырды. Алар Мусанын мыйзамында жазылгандай, Дөөт айткан эреже боюнча ыр менен, кубаныч менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөш үчүн коюлду.
19
Теңирдин үйүнө кандайдыр бир себептерден улам таза эмес болуп калган адам кирбеши үчүн, Теңир үйүнүн дарбазасына дарбазачыларды койду.
20
Жүз башыларды, төрөлөрдү, эл башчыларын, ошол жердеги бардык элди алып, падышаны Теңирдин үйүнөн узатып чыкты. Алар жогорку дарбаза аркылуу падышанын үйүнө келишип, падышаны падышачылык такка отургузушту.
21
Ошол жердин бардык адамдары кубанычка батып, шаар бейкуттукка бөлөндү. Аталеяны болсо кылыч менен өлтүрүп салышты.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36