bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 13
2 Chronicles 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 14 →
1
Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.
2
Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энеси гибалык Уриелдин кызы Михая эле. Ошол кезде Абиям Жаробам менен согушту.
3
Абиям согушка эр жүрөк адамдардан, төрт жүз миң тандамал адамдардан турган аскерин алып чыкты. Жаробам дагы тандалган, эр жүрөк адамдардан турган сегиз жүз миң аскери менен чыкты.
4
Ошондо Абиям Эпрайым тоолорунун бири Семарайым тоосунун чокусуна чыгып, мындай деди: «Жаробам менен Ысрайыл эли, мени уккула!
5
Силер Ысрайылдын Кудай-Теңири туз келишими боюнча Ысрайыл падышачылыгын Дөөткө жана анын уулдарына түбөлүккө бергенин билбейсиңерби?
6
Бирок Дөөттүн уулу Сулаймандын кулу, Небаттын уулу Жаробам өз мырзасына каршы болуп, козголоң чыгарды.
7
Анын тегерегине жеңил ойлуу, бузулган адамдар топтолуп, Сулаймандын уулу Рехабамга каршы чыгышты. Рехабам жаш, күч-кубаты аз болгондуктан, аларга туруштук бере албай калды.
8
Силер эми Дөөттүн уулдарынын колунда турган Теңирдин падышачылыгына каршы тура алабыз деп ойлоп жатасыңар, анткени силер көпсүңөр, Жаробам силерге кудай кылып берген алтын букачарларыңар бар.
9
Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын, Арундун уулдарын жана лебилерди кубалап, бөтөн жердин элине окшоп, өзүңөргө ыйык кызмат кылуучуларды коюп алган силер эмес белеңер? Өзүн арноо үчүн букачар, жети кочкор алып келген ар кимди силер жалган кудайларыңар үчүн ыйык кызмат кылуучу кылып аласыңар.
10
Ал эми биздин Кудай-Теңирибиз бар. Биз Аны таштаган эмеспиз, Теңирге Арундун уулдары, ыйык кызматчылар кызмат кылып жатышат. Лебилер да өз кызматтарын аткарып жатышат.
11
Алар ар күнү эртең менен да, кечинде да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат, жыпар жыттуу заттарды түтөтүшөт, таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө нан курмандыктарын коюшат, ар күнү кечинде күйүп туруш үчүн, алтын чырактан менен анын чырактарын күйгүзүшөт, анткени биз өз Кудай-Теңирибиздин буйруктарын ыйык сактайбыз, ал эми силер болсо Аны таштап койдуңар.
12
Биздин башчыбыз – Кудай. Анын ыйык кызмат кылуучулары силерге каршы сурнай тартышат. Ысрайыл уулдары! Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңирине каршы согушпагыла, анткени ийгиликке жетпейсиңер».
13
Ошол арада Жаробам алардын артына аскерлерин жөнөтүп, буктурма койдурду. Ошентип, өзү жүйүттөрдүн бет алдында турду, буктурма болсо алардын артында эле.
14
Жүйүттөр артын карашса, алдынан да, артынан да сокку уруп жатышыптыр. Ошондо алар Теңирге жалынып жиберишти, ыйык кызмат кылуучулар болсо сурнайларын тартып жиберишти.
15
Жүйүттөр кыйкырышты. Жүйүттөр кыйкырганда, Кудай Абиям менен Жүйүттүн көз алдында Жаробамды жана бардык ысрайылдыктарды талкалады.
16
Ысрайыл уулдары жүйүттөрдөн качып жөнөштү, Кудай аларды жүйүттөрдүн колуна салып берди.
17
Абиям менен анын эли аларды аябай кырды. Ысрайылдын беш жүз миң тандамал адамы кырылды.
18
Ошондон кийин Ысрайыл уулдары моюн сунушту. Жүйүт уулдары жеңишти, анткени алар өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирине таянышкан.
19
Абиям Жаробамдын артынан кууп, анын шаарларын каратып алды: Бейтелди жана анын карамагындагы шаарларды, Жешанды жана анын карамагындагы шаарларды, Эпрайинди жана анын карамагындагы шаарларды каратып алды.
20
Жаробам Абиямдын тушунда күчүнө кирген жок. Аны Кудай өлтүрдү, ал өлдү.
21
Абиям болсо күч алды. Ал он төрт аялга үйлөнүп, жыйырма эки уулдуу, он алты кыздуу болду.
22
Абиямдын калган иштери, анын жүрүш-турушу, айткан сөздөрү Ыда пайгамбардын китебинде жазылган.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36