bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 15
2 Chronicles 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 16 →
1
Ошондо Одейттин уулу Азарияга Кудайдын Руху түштү.
2
Ал Асанын алдынан чыгып, мындай деди: «Аса, Жүйүт менен Бенжемин эли, мени уккула! Силер Теңир менен болсоңор, Ал силер менен болот! Эгерде силер Аны издесеңер, Аны табасыңар. Эгерде силер Аны таштасаңар, Ал силерди таштайт.
3
Ысрайылдын чыныгы Кудайсыз, үйрөтүүчү ыйык кызмат кылуучусуз жана мыйзамсыз жашаган күндөрү көп болгон.
4
Бирок ал эл кысталып-кыйналганда, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылып, Аны издегенде, Ал ага Өзүн ачып берген.
5
Ошол учурларда кире турганга да, чыга турганга да тынчтык болгон эмес, анткени жер жүзүндөгү бардык элдер чоң дүрбөлөңгө түшкөн.
6
Бир эл бир эл менен, бир шаар бир шаар менен согушкан, анткени Кудай алардын башына ар кандай мүшкүл түшүрүп, дүрбөлөңгө салган.
7
Бирок силер кайраттангыла, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар».
8
Аса бул сөздөрдү жана пайгамбар Одейттин уулунун пайгамбарчылыгын укканда, кайраттанып, Жүйүт менен Бенжеминдин бүт жеринен, Эпрайым тоосундагы өзү басып алган шаарлардан бутпарастардын жийиркеничтерин жок кылып, Теңир үйүнүн алдында турган курмандык чалынуучу жайды калыбына келтирди.
9
Жүйүт менен Бенжемин элин жана алардын арасында жашап жаткан Эпрайымдын, Менашенин, Шымондун тукумун чогултту. Анткени Кудай-Теңир аны менен экенин көргөн ысрайылдыктардын көбү ал тарапка өтүп кетишти.
10
Асанын падышачылык кылганына он беш жыл, үч ай болгондо, алар Иерусалимге чогулушту.
11
Ошол күнү алар олжолоп келген малдардан: бодо малдан жети жүздү, майда малдан жети миңди Теңирге арнап курмандыкка чалышты.
12
Алар ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирин чын жүрөктөн, жан-дилибиз менен издейбиз деп келишим түзүштү.
13
Ал эми Ысрайылдын Кудай-Теңирин ким издебесе, ал кичине болобу, чоң болобу, эркек болобу, аял болобу, өлүшү керек.
14
Алар сурнайлар менен мүйүздөрдүн жаңырыгы астында кыйкырып, Теңирге ант беришти.
15
Бул антка бардык жүйүттөр сүйүнүштү, анткени алар Кудайга чын жүрөгүнөн ант беришкендиктен, Кудайды ынтаа коюп издешкендиктен, Ал Өзүн ачып берди. Теңир аларга бардык тараптан бейпилдик берди.
16
Аса падыша өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасап алганы үчүн, ханышалыктан ажыратты. Аса падыша анын жасаган жыгач бурканын талкалап, майда бөлүктөргө бөлүп, Кидрон өрөөнүндө өрттөп жиберди.
17
Ысрайылдагы бийик жердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Аса өмүрүнүн акырына чейин жүрөгүн толугу менен Теңирге арнаган.
18
Ал атасы арнаган тартууларды, өзүнүн тартууларын: алтын, күмүш, асыл идиштерди Кудайдын үйүнө алып кирди.
19
Аса падышачылык кылган отуз беш жылдын ичинде эч согуш болгон жок.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36