bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 31
2 Chronicles 31
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 32 →
1
Булардын бардыгы аяктаган соң, ошол жердеги бүт ысрайылдыктар Жүйүт аймагынын шаарларына барышып, балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйратышты. Бүт Жүйүт аймагындагы, Эпрайымдын, Менашенин, Бенжеминдин жерлериндеги бутканаларды, курмандык чалынуучу жайлардын бардыгын кыйратышты. Ошондон кийин гана Ысрайыл уулдары өз үйлөрүнө, өз шаарларына кайтышты.
2
Хиския Теңир үйүнүн дарбазасынын жанында Аны мактап, даңктап, кызмат кылып туруш үчүн, тынчтык курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып туруш үчүн, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулардын өз иштерине жараша топторго бөлүп, кезегин белгилеп койду.
3
Падыша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн өз малынан, Теңирдин мыйзамында жазылгандай, эртең менен жана кечинде чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн бөлүп койду.
4
Ал Иерусалимде жашаган элге, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Теңирдин мыйзамдарын так аткарышы үчүн, алардын тиешелүү үлүштөрүн берип туруусун буйруду.
5
Бул буйрук элге жарыяланганда, Ысрайыл уулдары эгиндин, шараптын, майдын, балдын, ар кандай талаа өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн алгачкыларынан өтө көп алып келишти. Алар ушулардын ондон бир бөлүгүн алып келишти.
6
Жүйүт аймагынын шаарларында турган ысрайылдыктар да, жүйүттөр да бодо малы менен майда малынын ондон бир бөлүгүн, өздөрүнүн Кудай-Теңирине арнаган курмандыктарынын ондон бир бөлүктөрүн алып келип, дөбө-дөбө кылып үйүштү.
7
Yчүнчү айда дөбө-дөбө кылып үйө баштап, жетинчи айда бүтүштү.
8
Хиския менен төрөлөр келип, дөбө-дөбө болуп жыйылган тартууларды көрүп, Теңирге жана Анын эли Ысрайылга ыраазычылык билдиришти.
9
Хиския бул дөбө-дөбө болуп жыйылган тартуулар жөнүндө ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерден сурады.
10
Садоктун тукумунан чыккан башкы ыйык кызмат кылуучу Азария ага мындай деп жооп берди: «Теңирдин үйүнө тартууларды алып келе баштагандан тартып тойгончо жедик, дагы көп артып калды, анткени Теңир элине батасын берди. Артып калгандары ушунча көп болду».
11
Хиския Теңир үйүнөн бөлмөлөрдү даярдап коюуну буйруду. Бөлмөлөр даярдалды.
12
Ошол жерге тартууларды, курмандыктарды, ондуктарды ак ниеттүүлүк менен ташып келишти. Ошонун бардыгынын башчысы леби Канания, экинчиси анын бир тууганы Шими болду.
13
Канания менен анын бир тууганы Шиминин кол астындагы Жехиел, Азазия, Нахат, Асаел, Жеримот, Жозабат, Элиел, Жисмахия, Махат жана Бенай падыша Хиския менен Кудай үйүнүн башчысы Азария тарабынан коюлган күзөтчүлөр эле.
14
Чыгыш тараптагы дарбазачы леби, Имнанын уулу Коре элдин Кудайга өз ыктыяры менен тартуулаган, Теңирдин урматына алып келген эң маанилүү тартууларын алып берип туруу үчүн коюлду.
15
Бир туугандарынын улуусуна болобу, кичүүсүнө болобу, бирдей таратып туруш үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын шаарларына коюлган Эден, Миниямин, Жейшуя, Шемая, Амария, Шехания анын карамагында болушту.
16
Күн сайын Кудай үйүндө кылган кызматы, кызмат түрү, бөлүмдөрү боюнча үч жана андан жогорку жаштагы тизмеге кирген бардык эркектерден тышкары
17
уруулары, кызматтары, бөлүмдөрү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы тизмеге кирген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге,
18
алардын тизмеге кирген жаш балдарына, аялдарына, кыздарына, уулдарына – бүткүл жамаатка бирдей таратылды, анткени алар өздөрүн ыйык кызматка толук арнашкан.
19
Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар үчүн алардын шаарларынын айланасындагы кыштактарга аттары аталган кишилер коюлду. Алар эркек ыйык кызмат кылуучулардын бардыгына, тизмеге кирген бардык лебилерге тиешелүү үлүшүн бөлүштүрүү үчүн коюлду.
20
Бүт Жүйүт аймагында Хиския мына ушундай кылды, ал өз Кудай-Теңиринин алдында жакшы, адилеттүү, туура иш кылды.
21
Ал өз Кудайы жөнүндө ойлонуп, Кудайдын үйүндө кызмат кылууга, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууга бүт жүрөгү менен аракет кылып, ийгиликке жетти.
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 32 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36