bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 33
2 Chronicles 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 34 →
1
Менаше такка отурганда, он эки жашта эле, ал Иерусалимде элүү беш жыл падыша болду.
2
Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.
3
Атасы Хиския жок кылып салган бийик жердеги бутканаларды кайрадан салып, Баалдарга курмандык чалынуучу жайларды куруп, Ашейра мамыларын тургузуп, асман кошуундарынын баарына табынып, ошолорго кызмат кылды.
4
Ошондой эле «Менин атым Иерусалимде түбөлүк болот», – деп, Теңир айткан Кудай үйүнө да курмандык чалынуучу жайларды курду.
5
Теңир үйүнүн эки короосуна тең асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды курду.
6
Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө өз уулдарын курмандыкка өрттөдү. Ал ошондой эле бал ачты, төлгө тартты, сыйкырчылык кылды жана өлгөндөрдү чакыргандарды, сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Ошентип, ал Кудайга жакпаган иштерди көп кылып, Аны каардантты.
7
Ал Кудай үйүнө оюп жасаткан бурканды койду. Бул үй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деп айткан: «Ысрайылдын урууларынын ичинен Өзүм тандап алган Иерусалимде жана ушул үйдө Өз ысымымды түбөлүккө орнотом.
8
Эгерде алар Мен Мусанын колу менен берген бардык мыйзам, буйрук, көрсөтмөлөрдү так аткарууга аракет кыла турган болсо, Мен алардын ата-бабаларына бекитип берген бул жерден мындан ары аларды кууп чыкпайм».
9
Бирок Менаше Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин тургундарын Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдердин иштеринен да жаман иштерди кылууга түрттү.
10
Теңир Менашеге жана анын элине сүйлөдү, бирок алар укпай коюшту.
11
Ошондо Теңир Ашур падышасынын аскер башчыларын аларга каршы жөнөттү. Алар Менашени кишендеп, чынжырлап Бабылга алып келишти.
12
Ал кыйналганда, өз Кудай-Теңирине жалына баштады. Ошентип, ал өз ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунду.
13
Ага сыйынды, Кудай да ага назарын салып, сыйынуусун угуп, аны Иерусалимге, өз падышачылыгына кайра алып келди. Ошондо Менаше Теңирдин Кудай экенин тааныды.
14
Ошондон кийин Дөөттүн шаарынын тышкы дубалдарын, Гихон суусунун батыш тарабындагы коктуну бойлото Балык дарбазасынын кире беришине чейин курду. Опелди тегерете дубал менен курчады, дубалды бийик көтөрдү. Жүйүт аймагындагы бекемделген шаарлардын бардык тарабына аскер башчыларды койду.
15
Кудай үйүндөгү башка кудайларды, бурканды, Иерусалимдеги жана Теңир үйү турган тоодогу өзү тургузган бутканалардын бардыгын талкалап, шаардын сыртына ыргытты.
16
Теңирдин курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирип, ага тынчтык курмандыктары менен ыраазычылык курмандыктарын чалды. Анан Ысрайылдын Кудай-Теңирине гана кызмат кылууну жүйүттөргө буйруду.
17
Бирок эл өз курмандыктарын Кудай-Теңирине арнаганы менен, дагы эле бутканаларда курмандыктарды чала берди.
18
Менашенин калган иштери, өз Кудайына жалынган сыйынуусу, ага Ысрайыл Кудай-Теңиринин атынан көрөгөчтөрдүн айткан сөздөрү Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.
19
Анын сыйынуусу, Кудайдын ага назар салуусу, мыйзамсыз иштерин жана күнөөсүн мойнуна алганга чейин бутканаларды, курмандык чалынуучу жайларды курганы, Ашейра мамыларын жана буркандарды койгону Хозайдын китебинде жазылган.
20
Менаше көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны өз үйүнө коюшту. Анын ордуна уулу Амон падыша болду.
21
Амон такка отурганда, жыйырма эки жашта эле, ал Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды.
22
Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Атасы Менаше жасаган бардык буркандарга курмандык чалып, ошолорго кызмат кылды.
23
Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирдин алдында моюн сунган жок, тескерисинче, атасынан да көп күнөөгө батты.
24
Өз кулдары ага каршы кастык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүп салышты.
25
Бирок эл Амон падышага каршы кастык уюштургандарды өлтүрүп салды. Эл анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36