bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Chronicles 17
2 Chronicles 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 18 →
1
Асанын ордуна уулу Жошапат падыша болду. Ал ысрайылдыктар менен согушууга күч топтоду.
2
Ал Жүйүт аймагынын чыңдалган бардык шаарларына аскерлерин койду. Жүйүттүн бардык жерлерине, атасы Аса каратып алган Эпрайымдын шаарларына күзөт аскерлерин койду.
3
Теңир Жошапат менен болду, анткени ал өз атасы Дөөттүн алгачкы жолу менен жүрдү, Баалдарга табынган жок.
4
Ал атасынын Кудайын издеп, Анын осуяты менен жүрдү, ал эми ысрайылдыктардын кылгандарын кылган жок.
5
Теңир анын падышачылыгын бекемдеди. Жүйүттөрдүн бардыгы ага тартууларын берип турушту. Ал көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду.
6
Ал Теңирдин жолунда кайраттанды. Ал бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштады.
7
Падышачылыгынын үчүнчү жылында ал өз төрөлөрү: Бен-Кайылды, Обадияны, Захарияны, Натанаелди, Михейди элди үйрөтүүлөрү үчүн, Жүйүттүн шаарларына жөнөттү.
8
Аларга кошуп: Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобия, Тоб-Адония деген лебилерди жана Элишама, Жорам деген ыйык кызмат кылуучуларды жөнөттү.
9
Алар Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүп, Жүйүт аймагынын бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жатышты.
10
Ошондо Жүйүт аймагынын тегерегиндеги жерлердин бардык падышачылыктарына Теңирден коркунуч туулду. Ошондуктан алар Жошапат менен согушушкан жок.
11
Пелиштиликтер болсо Жошапатка тартууларды жана салыкка күмүш алып келишти. Аравиялыктар да майда малдан: жети миң жети жүз кочкор, жети миң жети жүз теке айдап келишти.
12
Жошапат күч алгандан күч алып, Жүйүт аймагына чептерди жана азык-түлүк сактоо үчүн шаарларды курду.
13
Анын Жүйүт шаарларында сактап койгон азык-түлүгү өтө көп эле, ал эми Иерусалимде эр жүрөк аскер адамдары турду.
14
Алардын өз уруулары боюнча тизмеси: Жүйүттүн миң башылары: аскер башчы Адна, анын үч жүз миң эң мыкты жоокери болгон;
15
Андан кийин аскер башчы Жоханан, анын эки жүз сексен миң жоокери болгон;
16
Андан кийин Теңирге берилген Зихринин уулу Аматсия, анын эң мыкты эки жүз миң жоокери болгон;
17
Бенжеминден: мыкты жоокер Элийада, анын калкан, жаа менен куралданган эки жүз миң жоокери болгон;
18
Андан кийин Жейозабат турат, анын курал-жарактуу жүз сексен миң жоокери болгон;
19
Жүйүт аймагынын бардык чыңдалган шаарларына падыша калтырган аскерлерден тышкары падышага кызмат кылган жоокерлер ушулар.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36