bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 1
Job 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 2 →
1
Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болчу.
2
Анын жети уулу, үч кызы болгон.
3
Анын энчисинде: жети миң майда мал, үч миң төө, беш жүз жуп өгүз, беш жүз ургаачы эшек жана көп сандаган үй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон.
4
Анын уулдары чогулуп, ар бири өз үйүндө, өз күнү келгенде, той өткөрүп турчу. Алар чогуу ичип-жеш үчүн, үч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу.
5
Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу.
6
Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.
7
Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
8
Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам», – деди.
9
Ошондо шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?
10
Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар.
11
Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»
12
Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуңда, бирок өзүнө тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетти.
13
Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жаткан күнү
14
Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди:
15
«Өгүздөр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жүрүшкөн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».
16
Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, кулдарды да күйгүзүп кетти. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.
17
Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Каздимдиктер үч топко бөлүнүп алып, төөлөргө кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.
18
Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Сенин уулдарың менен кыздарың тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышканда,
19
чөлдөн катуу шамал келип, үйдү талкалады. Балдарыңды үй басып калды, алар өлүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».
20
Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып:
21
«Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» – деди.
22
Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42