bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 30
Job 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 31 →
1
Азыр болсо мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.
2
Алардын күчтүү колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы өтүп кеткен.
3
Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар түнөргөн, ээн калган, суусуз талаада каңгып жүрүшөт.
4
Тикенектин түбүнөн майда чөп терип жешет, тикенектүү бадалдын мөмөсү – алардын тамагы.
5
Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.
6
Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коңулдарында жашоого туура келет.
7
Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын түбүнө корголошот.
8
Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жүзүнүн таштандылары!
9
Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан түшпөгөн сөзү болдум.
10
Алар мени жек көрүшөт, менден качышат, менин бетиме түкүрүүдөн тартынышпайт.
11
Теңир менин жаамдын жибин үзүп, мени талкалады, ошон үчүн алар менин көз алдымда өздөрүнүн ооздорундагы ооздукту алып салышты.
12
Бул жер жайнаган эл менин оң капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, өздөрүнүн кыйратуучу жолдорун мени көздөй буруп жатышат.
13
Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин өлүмүм үчүн бардыгын камдоого үлгүрүштү.
14
Алар мага чоң тешиктен түшкөнсүп түшүп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.
15
Өтө жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.
16
Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу күндөр курчады.
17
Түнкүсүн сай-сөөгүм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.
18
Yстүмдөгү кийимим өтө кыйынчылык менен чечилет, көйнөгүмдүн жакасы кысып турат.
19
Ал мени ылайга таштады, мен күл менен топуракка окшоп калдым.
20
“Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың.
21
Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың.
22
Сен мени көтөрүп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасың, бороон менен көтөрүп чаап жатасың.
23
Ошондуктан мен билем, Сен мени өлүмгө дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасың”.
24
Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык түшкөн адам кыйкырбай коймок беле?
25
Мен башына мүшкүл түшкөндөрдү көргөндө, ыйлаган жок белем? Жардыларды көргөндө, жаным кыйналган жок беле?
26
Мен жакшылыкты эңсеп турганда, жамандык келди, жарыкты күтүп турганда, караңгылык келди.
27
Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу күнгө туш келдим.
28
Мен капкара болуп басып жүрөм, бирок бул күндөн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.
29
Мен чөөлөрдүн бир тууганы болуп калдым, төө куштардын досу болуп калдым.
30
Менин терим карарып кетти, сөөктөрүм ысыктан куйкаланды.
31
Лирамдын үнү кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын үнү ыйга окшоп калды.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42