bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 29
Job 29
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 30 →
1
Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:
2
«Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жүргөн күндөрдөгүдөй болсом кана!
3
Анын чырактаны менин үстүмдө күйүп турчу, караңгыда мен Анын жарыгы менен жүрчүмүн.
4
Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!
5
Кудуреттүү Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!
6
Жолдорума сүт төгүлүп турчу, аскалар мен үчүн зайтун майын чыгарып турчу.
7
Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,
8
жигиттер мени көрүп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.
9
Төрөлөр сөзүн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.
10
Атактуулардын үнү басылып, тилдери таңдайына жабышып калар эле.
11
Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени көргөн көз мени даңктап турар эле.
12
Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.
13
Мага өлүп бара жаткандын батасы тийчү, жесир аялдын жүрөгүнө кубаныч берчүмүн.
14
Мен адилеттиктин кийимин кийип жүрчүмүн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жүрчүмүн.
15
Мен сокурга көз, аксакка бут болчумун.
16
Кайырчыларга ата болчумун. Өзүм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.
17
Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.
18
Мен мындай деп айтчумун: “Өз уямда өлөм, жашоо күндөрүм кумдай көп болот.
19
Тамырым сууга жетет, бутактарыма шүүдүрүм түнөйт.
20
Атак-даңкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.
21
Мага кулак салып турушчу, күтүп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.
22
Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөшчү эмес, менин сөздөрүм алардын кулактарына куюлчу.
23
Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.
24
Аларга жылмайып койсом, көргөн көздөрүнө ишенишчү эмес. Алар менин жүзүмдөгү жарыкты өчүрүшчү эмес.
25
Мен аларга жол көрсөтүп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын көңүлүн жубаткан сооротуучудай болчумун.
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 30 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42