bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 2
Job 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 3 →
1
Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.
2
Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
3
Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам. Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң», – деп айтты.
4
Шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет.
5
Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»
6
Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты.
7
Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты.
8
Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш үчүн, карапа сыныгын алып, күлгө отурду.
9
Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл», – деди.
10
Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок.
11
Аюбдун үч досу: теймандык Элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына түшкөн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири өз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бөлүшүш үчүн, аны сооротуш үчүн чогулушту.
12
Алар Аюбду алыстан көргөндө, таанышкан жок. Жакындаганда өкүрүп-бакырып, боздоп ыйлашты, ар бири өз кийимин айрып, башынан өйдө топурак чачышты.
13
Алар жети күн, жети түн аны менен бирге жерде отурушту. Эч кимиси бир ооз сөз сүйлөгөн жок, анткени анын кайгысы өтө оор экенин көрүштү.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42