bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 40
Job 40
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 41 →
1
Теңир Аюбга бороон ичинен мындай деп жооп берди:
2
«Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер.
3
Өзүңдү акташ үчүн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагың келеби?
4
Сенин күчүң Кудайдыкындайбы? Ал күркүрөгөндөй күркүрөй аласыңбы?
5
Андай болсо өзүңдү улуулук менен, даңаза менен шөкөттөп көрчү, жаркыраган шаан-шөкөт менен, келишкен кооздук менен курчанып көрчү.
6
Каарыңдын жаалын чачып көрчү, текебер болгон бардык нерсени карап, аны моюн сундуруп көрчү.
7
Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип көрчү, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып көрчү.
8
Алардын баарын жерге көмүп көрчү, алардын жүзүн караңгылык менен каптап көрчү.
9
Мен ошондо сени өзүңдүн оң колуң куткара алат деп билем.
10
Мына бегемот, Мен аны сени жараткандай эле жараткам. Ал өгүздөй болуп чөп жейт.
11
Анын күчү белинде, анын кубаттуулугу белинин булчуңунда.
12
Куйругун кедр жыгачындай бурат, белиндеги тарамыштары тутумдашып турат.
13
Анын буттары жез кернейдей, сөөктөрү темир таяктардай.
14
Бул – Кудайдын жолдорунун жеткен чеги. Аны Жараткан гана ага Өз кылычын жакындата алат.
15
Анын тамагын тоолор камдайт, ал жерде бардык жапайы айбандар оюн салып жүрүшөт.
16
Ал саябандуу дарактардын түбүндө, калың камыштардын арасында, саздарда жатат.
17
Аны саябандуу дарактар көлөкөсү менен жаап, өзөн боюндагы талдар курчап турат.
18
Мына, ал дарыядан суу ичип жатат, шашпайт, Иордан суусу оозуна кирип жатса да, козголуп койбойт.
19
Аны өзүнүн көзүнчө ким кармай алат? Ким анын тумшугун темир илгек менен теше алат?
20
Сен лебийатанды кайырмак менен тартып чыгара аласыңбы? Жип менен тилинен байлай аласыңбы?
21
Анын таноосун тешип чүлүктөй аласыңбы? Жаагын ийне менен теше аласыңбы?
22
Ал сага көпкө жалынып турмак беле? Сага жылуу сөздөрдү сүйлөмөк беле?
23
Ал сени менен келишим түзмөк беле? Аны өзүңө биротоло кул кыла аласыңбы?
24
Аны менен чымчык менен эрмектешкендей эрмектеше аласыңбы, аны кыздарың үчүн байлап бере аласыңбы?
25
Аны балыкчылар сатышат болду бекен? Аны Канаан соодагерлеринин арасында бөлүшөт болду бекен?
26
Анын терисин найза менен теше аласыңбы, башын балыкка ыргыткан дегээ менен сая аласыңбы?
27
Ага кол салып көрчү! Күрөш жөнүндө унутпа, мындан кийин мындай кылбайсың.
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 41 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42