bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 23
Job 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 24 →
1
Аюб мындай деген жооп айтты:
2
«Бүгүн да менин сөзүм кайгылуу. Тарткан азаптарым онтоолорумдан оор.
3
Оо, мен Аны кантип табарымды билсем кана, Анын тагына жакындай алсам кана!
4
Анда мен анын алдында өз иштеримди айтып бермекмин, оозумду актана турган сөзгө толтуруп алмакмын.
5
Анын мага эмне деп жооп берерин билип алмакмын, Анын мага эмне айтарын түшүнүп алмакмын.
6
Кантип эле Ал эбегейсиз кудуреттүү болуп туруп, мени менен таймашсын? Жок, Ал антпейт! Ал мага көңүл буруп эле койсо кана!
7
Ошондо адил адам Аны менен таймаша алмак, ошондо мен да өз Өкүмдарымдан түбөлүк азаттык алмакмын.
8
Бирок мен чыгышка барсам да, Ал жок, батышка барсам да, Аны байкабайм.
9
Түндүктөн издесем да, Аны таппайм, Ал түштүктө жашынып турабы дейин десем, ал жактан да көрүнбөйт.
10
Бирок Ал менин жолумду билет. Мейли, мени сынап көрсүн, ошондо мен алтындай болуп чыгам.
11
Менин бутум Анын жолунда бекем турат. Анын жолун сактадым, эч жакка бурулбадым.
12
Анын оозунан чыккан осуяттардан бурулуп кетпедим. Анын оозунан чыккан сөздөрдү өз эрежемден артык сактадым.
13
Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал Өз жүрөгүнүн каалаганын жасайт.
14
Ошон үчүн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат. Анын ушуга окшогон ойлору көп.
15
Ошондуктан мен Анын алдында калтырайм, ойлоном жана Андан корком.
16
Кудай жүрөгүмдү алсыратты, кудуреттүү Кудай мени коркутту.
17
Мен эмне үчүн бул караңгылыктан мурун жок болбодум? Эмне үчүн Ал да менин жүзүмдөн караңгыны алып таштабады?
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42