bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 7
Job 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 8 →
1
Адамдын жердеги жашоо мөөнөтү белгиленген эмеспи? Анын күндөрү жалчынын күндөрүндөй эле эмеспи?
2
Кул көлөкөнү эңсегендей, жалчы жумушунун бүтүшүн күткөндөй,
3
менин энчиме түйшүктүү айлар тийди, мага кайгылуу түндөр эсептелип берилди.
4
Жатарымда: “Качан таң атат?” – дейм, бирок түн созула берет, мен таң аткыча кыйналып оодарыла берем.
5
Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ириңдеп жатат.
6
Менин күндөрүм чыгырыктан тез айланып, үмүтсүз өтүп жатат.
7
Менин өмүрүм жел экенин, көздөрүм кайра жакшылык көрбөстүгүн эсиңден чыгарба.
8
Мени көргөн көз эми мени көрбөйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.
9
Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле өлгөндөрдүн жайына түшкөн адам кайра чыкпайт,
10
ал өз үйүнө кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.
11
Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынан улам сүйлөп жатам, жан-дүйнөм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.
12
Сен мага сакчы койгудай, мен деңиз белем же деңизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?
13
“Төшөгүм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,
14
Сен мени түштөр менен коркутасың, көрүнүштөр менен үрөйүмдү учурасың.
15
Ошондо менин жаным сөөктөрүм калганга караганда, дем алуумдун токтошун, өлүмдү артык көрөт.
16
Жашоодон жададым. Түбөлүк жашамак белем. Мени өз жайыма кой, анткени менин күндөрүм курулай убаракерчилик.
17
Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким?
18
Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың.
19
Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коё бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң?
20
Эгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? Эмне үчүн Сен мени Өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым.
21
Эмне үчүн менин күнөөмдү жууп, мыйзамсыз иштеримди кечирбейсиң? Анткени мен эми топуракка жатам. Эртең мени издейсиң, бирок мен жок болом».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42