bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 32
Job 32
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 33 →
1
Аюб өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, тигил үч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту.
2
Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу Элийунун каары кайнады. Өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени үчүн, ал Аюбга аябай ачууланды.
3
Эмне деп жооп берүүнү билбей туруп, Аюбду айыптай берген үч досуна да ачууланды.
4
Алар өзүнөн улуу болгондуктан, Элийу Аюбга каршы сүйлөй элек эле.
5
Элийу тигил үч кишинин оозунда жооп жок экенин көргөндө, абдан ачууланды.
6
Буздук Барахел уулу Элийу мындай деп жооп берди: «Мен силерден жашмын, силер карысыңар, ошондуктан ыйбаа кылып, оюмду айткандан корктум.
7
Мен өзүмчө: “Карылык сүйлөсүн, көп жашагандар акылмандыкка үйрөтсүн”, – дедим.
8
Бирок адамга акылды адамдын ичиндеги рух менен кудуреттүү Кудайдын деми берет.
9
Көп жашагандар эле акылман боло бербейт, чындыкты карылар эле түшүнө бербейт.
10
Ошондуктан мен мындай дейм: “Мени уккула, мен да өз пикиримди айтайын”.
11
Мен силер сүйлөп бүткөнчө күтүп турдум, силердин пикириңерди көңүл коюп угуп турдум, силер айтар сөзүңөрдү ойлоп тапкыча күтүп турдум.
12
Мен силерди кадала карап турдум, бирок Аюбду эч кимиңер ашкерелеген жоксуңар, анын сөздөрүнө эч кимиңер жооп берген жоксуңар.
13
Ошондуктан силер: “Биз акылмандыкка жеттик, аны адам эмес, Кудай ашкерелейт”, – деп айтпагыла.
14
Эгерде Аюб мага карата сүйлөсө, анда мен силерге окшоп жооп бермек эмесмин.
15
Коркуп кетишти, жооп бере албай калышты, сүйлөбөй калышты.
16
Мен күтө бердим, алар болсо сүйлөбөй коюшту, токтоп калышты, жооп бере албай калышты.
17
Ошондуктан өзүм тараптан мен да жооп берейин, мен да өз оюмду айтайын.
18
Анткени айтар сөзүм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат.
19
Ичим оозу ачыла элек шараптай, жарылганы турган жаңы чаначтай болуп турат.
20
Сүйлөсөм, жеңилдеп калам, оозумду ачып жооп берейин.
21
Эч кимге бет карамалык кылбайм, эч бир адамга жагынып, кошомат кылбайм.
22
Анткени мен кошоматчылык кылганды билбейм, эгерде ошондой болсо, Жаратканым, мени азыр өлтүр!
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 33 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42