bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 28
Job 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 29 →
1
«Чындыгында, күмүштүн кени бар, алтындын эритүүчү жайы бар.
2
Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.
3
Адам караңгылыкка чек коёт, караңгылыкта, өлүм көлөкөсүндө кылдаттык менен таш издейт.
4
Эч кимдин буту баспаган жерден кен казат, түпкүргө түшөт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.
5
Дан өскөн жердин түпкүрүндө от балбылдап жаткансыйт.
6
Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.
7
Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун көзү көргөн эмес.
8
Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.
9
Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду түп-тамыры менен омкорот.
10
Аскаларды тешип жол чыгарат, анын көздөрү бардык асыл байлыктарды көрөт.
11
Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.
12
Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?
13
Адам анын баасын билбейт, ал тирүүлөр жашаган жерден табылбайт.
14
Түпкүр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, деңиз да: “Менде эмес”, – дейт.
15
Аны алтынга ала албайсың, күмүшкө сатып ала албайсың.
16
Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, көк жакут менен да бааланбайт.
17
Ага алтын да, тунук кристалл да тең келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсың.
18
Ал эми маржан менен берметтерди айтып өтүүнүн кажети да жок, акылмандыкка жетүү кыпкызыл лаалга жетүүдөн алда канча артык.
19
Ага Эфиопиянын сары жакут таштары да тең келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.
20
Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?
21
Ал бардык тирүү жандардын көзүнөн жашыруун, асман куштарына да көрүнбөйт.
22
Абадон менен өлүм: “Ал жөнүндөгү сөздү биз өз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.
23
Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.
24
Анткени Ал жердин түпкүрүнө чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын көрүп турат.
25
Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды өлчөмү менен жайгаштырып жатканда,
26
жамгырга мыйзам берип жатканда, күркүрөгөн чагылгандын жолун түзүп жатканда,
27
аны көрдү жана көрсөттү, аны даярдады, сыноодон да өткөрдү.
28
Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42