bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 21
Job 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 22 →
1
Аюб мындай деп жооп берди:
2
«Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, силердин укканыңар менин көңүлүмдү жубатат.
3
Чыдап тургула, мен сүйлөйүн. Мен айтып бүткөндөн кийин, шылдыңдай бергиле.
4
Мен адамга даттанып жатамбы? Анан кантип мен жүрөкзаадалык кылбайын?
5
Мени карагыла, үрөйүңөр учсун. Колуңар менен оозуңарды жапкыла.
6
Эстесем эле селт этем, денемди калтырак басат.
7
Эмне үчүн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет, анан калса, күүлүү-күчтүү?
8
Балдары тегерегинде, неберелери маңдайында.
9
Yйлөрү коркунучтан коопсуз, алардын үстүндө Кудайдын таягы жок.
10
Алардын букалары тукум берет, уругун бекер агызбайт. Алардын уйлары тууйт, музоо салбайт.
11
Өз балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат, алардын балдары так секирип ойношот.
12
Дап менен кыл аспаптын коштоосунда ырдашат, чоордун коштоосунда көңүл ачышат.
13
Күндөрүн бактылуу өткөрүшөт да, өлгөндөр жаткан жайга көз ирмемде киришет.
14
Ошондой болсо да алар Кудайга мындай дешет: “Бизден ары кет, Сенин жолдоруңду билгибиз келбейт!
15
Биз кызмат кылгыдай, кудуреттүү Кудай ким болуп калыптыр? Ага кайрылганда эмне пайда?”
16
Көрдүңбү, алардын бактысы өздөрүнүн колунан чыккан эмес. Мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!
17
Мыйзамсыздардын чырагы кээде эле өчөт, алардын башына кээде эле мүшкүл түшөт, Кудай Өзүнүн каары менен аларды кээде эле кайгыга салат.
18
Алар шамал алдындагы самандай, куюн учурган жука кабыктай болушу керек.
19
“Кудай алардын ордуна балдарын жазалайт”, – дейсиң. Ал өз күнөөсүн билиш үчүн, Кудай анын өзүн жазаласын.
20
Ал өз жазасын өзү тартсын, кудуреттүү Кудайдын каарын ал өзү ичсин.
21
Анткени анын көзү өткөндөн кийин, үй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар?
22
Кудай асмандагыларды да жазага тартып жатса, ким Ага акыл үйрөтө алат?
23
Кээ бирөөлөр өз күчү толуп турганда, кайгы-капасыз тынч өлүшөт.
24
Анын ичеги-карды майлуу, анын жилиги чучуктуу.
25
Кээ бирөөлөр жакшылык көрбөй, жаны кайгыга батып өлүшөт.
26
Бирок экөө тең топуракка жатат, аларды курт каптайт.
27
Мага каршы ойлоп тапкан оюңар менен амалыңарды билем.
28
“Төрөнүн үйү кайда? Мыйзамсыздар жашаган чатыр кайда?” – дейсиңер.
29
Силер саякатчы адамдардан сураган жок белеңер? Алардын байкоолору менен тааныш эмессиңерби?
30
Зулумга өлөр күнү да ырайым болорун, каар күнү ал четте каларын билбейсиңерби?
31
Ага жолун ким көрсөтөт? Кылган иши үчүн анын жазасын ким берет?
32
Аны көргө узатышат, анын мүрзөсүнө сакчы коюшат.
33
Ага өрөөндүн кесек таштары да жакшы көрүнөт, анын артында толгон эл баратат, алдында бараткандарга сан жетпейт.
34
Мени курулай сөздөр менен соороткуңар барбы? Силердин жообуңар жалаң калп болуп жатат».
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42