bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 12
Job 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 13 →
1
Аюб мындай деп жооп берди:
2
«Чынында, силер, бар болгону, адамсыңар, акылмандыгыңар өзүңөр менен кошо жок болот!
3
Менде да силердикиндей эле жүрөк бар. Силерден мен кем эмесмин. Муну ким билбейт?
4
Өз досума шылдың болдум, Кудайга кайрылып жүргөн, Анын Өзүнөн жооп алып жүргөн мендей адил, кемчиликсиз адам күлкү болду.
5
Тынч жашаган адам кырсыкты жек көрүү керек деп эсептейт, кырсык бутунан мүдүрүлгөнгө даярдалган деп ойлойт!
6
Талап-тоноочулар өз үйлөрүндө тынч жашашат, Кудайды өз колуна көтөрүп жүргөнсүп, Аны каарданткандар да коопсуз жашашат.
7
Чынында, жаныбардан сурасаң, ал сага үйрөтөт, асмандагы чымчыктан сурасаң, ал сага кабарлайт.
8
Же болбосо жер менен маектешип көр, ал сага акыл-насаат айтат, деңиздеги балыктар да сага айтып беришет.
9
Ушунун бардыгын көрүп туруп, муну Теңирдин колу жаратканын ким билбейт?
10
Ар бир тирүү жандын жаны, ар бир адамдын руху Анын колунда.
11
Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?
12
Даанышмандык карыларда, акыл көп жашагандарда болот.
13
Акылмандык менен күч Кудайда. Акыл менен кеңеш Анда.
14
Ал кыйраткан нерсе кайра курулбайт. Ал камаган бошонбойт.
15
Сууларды токтотуп койсо, бардыгы куурап калат. Коё берсе, жер көркүнө чыгат.
16
Кудурет да, даанышмандык да Анда, адашкан адам да, адаштырган адам да Анын алдында.
17
Ал кеңешчилерди акыл-эсинен ажыратат, сотторду акылсыз кылат.
18
Ал падышаларды кишенден бошотот, алардын белдерин кур менен курчайт.
19
Төрөлөрдү даражасынан ажыратат, эр жүрөктөрдүн күчүн майтарат.
20
Чечендерди тилинен, карыларды акылынан ажыратат.
21
Атактууларды уятка калтырат, күчтүүлөрдү алсыратат.
22
Караңгы туңгуюктун түпкүрүн ачат, өлүм көлөкөсүн жарыкка чыгарат.
23
Элдерди көбөйтөт да жок кылат. Элдерди чачыратып жиберет да чогултат.
24
Эл башчыларын акылдан ажыратат, жолсуз чөлгө калтырат.
25
Алар жарыгы жок караңгы жерде сыйпалап басышат, мастардай темтеңдешет».
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42