bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 33
Job 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 34 →
1
Ошондуктан, Аюб, менин сөздөрүмө кулак сал, менин бардык сөздөрүмдү ук.
2
Мына, мен оозумду ачып жатам, менин тилим көмөкөйүмдө сүйлөп жатат.
3
Менин сөздөрүм таза жүрөктөн чыгат, оозум таза билимди сүйлөйт.
4
Мени Кудайдын Руху жараткан, мага кудуреттүү Кудайдын деми жан берген.
5
Эгерде жооп бере алсаң, жооп бер, даярдан, менин алдымда сүйлө.
6
Кудайдын алдында мен да сендеймин, мен да сага окшоп топурактан жаратылгам.
7
Ошондуктан менден коркуп тынчың кетпесин, менин колум сен үчүн оор болбосун.
8
Сен менин кулагыма сүйлөдүң, мен сенин сүйлөгөн үнүңдү уктум.
9
Сен: “Мен тазамын, кемчилигим жок, күнөөлүү эмесмин, менде жалганчылык жок.
10
Бирок Кудай менден айып тапты, мени Өзүнүн душманы деп эсептейт.
11
Менин буттарымды көзөнөк жыгачка салып, менин бардык жолдорумду карап турат”, – дедиң.
12
Сенин ушинтип айтканың туура эмес, мен сага муну далилдеп берем, анткени Кудай адамдан жогору.
13
Эмне үчүн сен Аны менен айтышып жатасың? Ал Өзүнүн иштеринин биринин да эсеп-кысабын бербейт.
14
Кудай бир жолу айтат, эгерде аны байкабай калышса, экинчи жолу:
15
түшүндө, түнкү көрүнүштө, адамдардын баары уктап жатканда, төшөгүндө үргүлөп жатканда айтат.
16
Ошол учурда Ал адамдын кулагын ачып, Өзүнүн насаатын куят.
17
Адамды кандайдыр бир жаман иштен буруп кетиш үчүн жана анын текеберлигин жок кылыш үчүн,
18
анын жанын туңгуюктан сакташ үчүн жана анын өмүрүн кылычтан өлүүдөн сакташ үчүн ошентет.
19
Же болбосо ал оору аркылуу, сай-сөөгүн сыздаткан оору аркылуу төшөктө жатып эсине келет.
20
Анын нанга көңүлү чаппай калат, жаны жактырган тамакты жээрип калат.
21
Эти качат, көрүнбөгөн сөөктөрү көрүнүп, оркоюп чыгат.
22
Анын жаны көргө, өмүрү өлүмгө жакындайт.
23
Эгерде анын адамга түз жол көрсөтүүчү, миңдеген периштелердин бири болгон насаатчы периштеси бар болсо,
24
Кудай ага боор ооруп: “Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым”, – дейт.
25
Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет.
26
Кудайга сыйына турган болсо, Ал ага ырайым кылат. Ал анын жүзүнө кубаныч менен карайт. Адамга адилдигин кайра берет.
27
Ошондо ал адамдарга карап, мындай деп айтат: “Мен күнөөгө батып, чындыкты бурмалагам, бирок жазаланган эмесмин.
28
Ал менин жанымды көрдөн куткарды, ошондуктан менин өмүрүм жарыкты көрүп жатат”.
29
Кудай адамга ушунун баарын эки-үч жолу кылат.
30
Анын жанын көрдөн алып калыш үчүн жана тирүүлөрдүн жарыгы менен жарык кылыш үчүн, ушундай кылат.
31
Көңүл бур, Аюб. Ук мени, үндөбө, мен сүйлөйүн!
32
Эгер айтар жообуң болсо айт, сүйлө, анткени мен сенин актанышыңды каалар элем.
33
Эгер жок десең, анда мени ук, унчукпа, мен сени акылмандыкка үйрөтөм».
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42