bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 27
Job 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 28 →
1
Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:
2
«Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирүү, жанымды кейиткен кудуреттүү Кудай тирүү.
3
Жаным өзүмдө турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда,
4
менин оозум жалганды сүйлөбөйт, тилим калп айтпайт!
5
Мен силерди адилеттүү деп эсептөөдөн алысмын. Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм.
6
Мен өз чындыгымды бек кармадым, эми аны коё бербейм. Өмүрүм өткөнчө жүрөгүм мени жемелебейт.
7
Душманым кара ниет адамдай болот, мага каршы чыккан адам мыйзамсыз адамдай болот.
8
Анткени Кудай эки жүздүү кишинин жанын сууруп алганда, ал эмнеден үмүттөнмөк эле?
9
Башына мүшкүл түшкөндө, Кудай анын зар-муңун укмак беле?
10
Ал кудуреттүү Кудайдан сооронуч алмак беле? Ар убакта Кудайды чакырмак беле?
11
Кудайдын колунда эмне бар экенин силерге жарыялайм, бардыгын кармап туруучу Кудайдын колунда эмне бар экенин силерден жашырбайм.
12
Мына, силер өзүңөр да бардыгын көрдүңөр! Сөз деп эле сүйлөй берүүнүн силерге эмне кереги бар?
13
Мыйзамсыз адамдын Кудайдан тийген энчиси бул, зулумдардын кудуреттүү Кудайдан алган мурасы мындай:
14
эгерде алардын уулдары көбөйсө, анда кылычтан өлүшөт. Урпактары нанга тойбойт.
15
Артында калгандарды өлүм көргө түшүрөт, жесирлери ыйлабайт.
16
Ал күмүштү топурактай жыйып алат, кийимди ылайдай көп даярдап алат.
17
Даярдаганы менен, анын кийимин адил адам киет, күмүшү айыпсыз адамдын энчисине тиет.
18
Ал өз үйүн күбө курттай курат, өз чатырын күзөтчүдөй жасап алат.
19
Ал бай адам болуп уктайт, бирок турганда бай адам болуп турбайт. Көзүн ачса, ал мурункудай эмес.
20
Коркунучтар аны суудай каптайт, түн ичинде аны бороон учуруп кетет.
21
Аны чыгыш шамалы көтөрүп учуруп кетет, ал аны турган жеринен учуруп кетет.
22
Ага жулкунуп кирет, анын колунан ал канчалык качууга аракет кылса да, ал аны аябайт.
23
Аны табалап кол чабышат, анын турган ордунан ага таң калып ышкырышат».
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42