bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 9
Job 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 10 →
1
Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2
«Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?
3
Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт.
4
Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?
5
Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды өзгөртүп салат.
6
Ал жерди ордунан козгогондо, анын түркүктөрү солкулдайт.
7
Күнгө буйрук берсе, күн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.
8
Жалгыз Өзү асманды жайып, деңиз толкундарынын үстүндө жүрөт.
9
Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана түштүктөгү жылдыздарды Ал жараткан.
10
Ал укмуштуу, улуу, изилденгис, сансыз кереметтерди жаратат!
11
Ал менин бет алдыман өткөндө, мен Аны көрө албайм. Жаныман өткөндө, мен Аны байкай албайм.
12
Алып кетсе, ким Ага каршы сөз айта алат? “Сен эмне кылып жатасың?” – деп, Ага ким айта алат?
13
Кудай Өз каарын төкпөй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.
14
Андан бетер мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сөз таба аламбы?
15
Меники туура болгон күндө да, жооп бербейм, Өкүмдардын алдында ырайым гана сурайм.
16
Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем.
17
Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,
18
жанымды жай алдырбайт, азапка малат.
19
Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?
20
Эгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат.
21
Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм!
22
Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым.
23
Эгерде Ал айыптууну күтпөгөн жерден өлтүрүп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына күлөт.
24
Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жүздөрүн Ал чүмбөттөп койгон. Эгерде Ал болбосо, анда ким?
25
Менин өмүрүм чабармандан да тез чуркап, жакшылык көрбөстөн качып бара жатат.
26
Ал камыш кайыктай, жемине шукшурулуп келе жаткан бүркүттөй сызып бара жатат.
27
Мен: “«Муң-зарымды унутуп, түнөргөн жүзүмдү өзгөртүп, көңүлүмдү көтөрөйүн», – десем да,
28
азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыңды билем.
29
Эгерде мен айыптуу болсом, анда эмне үчүн бекер эле кыйналып жатам?
30
Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,
31
Сен мени баткакка батырасың, кийген кийимим менден жийиркенет”.
32
Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.
33
Экөөбүздүн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.
34
Ал менден таягын тартсын, коркунучу үрөйүмдү учурбасын.
35
Ошондо мен сүйлөйм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42