bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 6
Job 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 7 →
1
Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2
«Оо, менин муң-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!
3
Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сөздөрүм токтолбостон куюлат.
4
Анткени мага кудуреттүү Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.
5
Жапайы эшек чөп үстүндө айкырмак беле? Өгүз өз тоютунун алдында мөөрөмөк беле?
6
Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?
7
Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтүү тамагым болду.
8
О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эңсегенимди качан аткарат?
9
О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! Өз колун сунуп, мени өлтүрүп салса кана!
10
Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук көрсөтмөкмүн, анткени мен Ыйыктын сөзүнөн баш тарткан жокмун.
11
Үмүттөнгүдөй, менде кайсы күч бар эле? Өмүрүмдүн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен күтпөйт белем?
12
Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?
13
Өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?
14
Эгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттүү Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.
15
Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.
16
Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.
17
Күн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта өз ордунан жок болуп кетишет.
18
Алар аккан багытын буруп, чөлгө кирип жок болушат.
19
Аларды Тейма жолдору күтүп турат, алардан Шеба жолдору үмүт кылат.
20
Бирок үмүттөрү таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жүзү кызарат.
21
Азыр силер да мен үчүн ошондой болдуңар, коркунучту көргөндө, жүрөгүңөр түшүп калды.
22
Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыңардан мен үчүн төлөп койгула,
23
мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун төлөп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?
24
Үйрөткүлө, мен унчукпай калайын. Менин күнөөм эмнеде, көрсөткүлө.
25
Чын сөз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелөөңөр эмнени далилдейт?
26
Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар.
27
Силер жетимге кол салып, өз досуңарга ор казып жатасыңар.
28
Эми силерден суранарым, жүзүмө тике карасаңар, силердин алдыңарда мен калп айтмак белем?
29
Кайра карап көргүлө, калпы бар бекен? Кайра карап көргүлө, меники туура.
30
Менин сөзүмдө жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42