bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 36
Job 36
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 37 →
1
Элийу сөзүн мындай деп улантты:
2
«Бир аз чыдай тур, Кудайдын атынан дагы айта турган сөзүм бар экенин мен сага көрсөтөйүн.
3
Мен пикиримди алыстан баштайм, Жаратканымдын адилеттүүлүгүн далилдеп берем.
4
Анткени, чынында эле, менин сөздөрүм жалган эмес. Сенин алдыңда билими жеткилең бирөө турат.
5
Мына, Кудай кудуреттүү, Ал жүрөгү таза адамды четке какпайт!
6
Ал мыйзамсыздарды колдобойт, эзилгендерге тиешелүүсүн берет.
7
Ал адилдерден көзүн албайт, аларды падышалардын тагына отургузат, аларды жогорулатат.
8
Эгерде алар чынжыр менен кишенделип, кырсыктын кишендеринде кармалып турушса,
9
анда Ал алардын иштерин өздөрүнө көрсөтөт, алардын мыйзамсыздыгы көбөйүп кеткенин өздөрүнө көрсөтөт.
10
Эскертиш үчүн, алардын кулактарын ачат, аларга: “Мыйзамсыз иштерден баш тарткыла”, – дейт.
11
Эгерде тил алып, Ага кызмат кылышса, анда өз күндөрүн жыргалчылыкта, өз жылдарын шаттыкта өткөрүшөт.
12
Эгерде тил алышпаса, анда жаа жебесинен өлүшөт, акылдан ажырап өлүшөт.
13
Бирок эки жүздүүлөр жүрөгүнө каар топтойт, Кудай аларды кишендеп салганда, Ага кайрылышпайт.
14
Ошондуктан алардын жаны жаш чагында өлөт, өмүрлөрү бузулгандар менен өтөт.
15
Ал жакырды башына түшкөн кырсыктан куткарат, эзилип жатканда, анын кулагын ачат.
16
Ал сени да тар жерден кысымчылык жок, кең жерге алып чыгат эле, дасторконуң майга толот эле.
17
Бирок сен мыйзамсыздардын түшүнүктөрүнө жык толгонсуң: түшүнүк менен айыптоо сага жакын.
18
Кудайдын каары сени жазалап, өлтүрүп койбосун! Сени чоң кун куткарбайт.
19
Ал сенин байлыгыңды бааламак беле? Жок! Алтыныңды да, байлыгыңды да баалабайт.
20
Элдер өздөрүнүн турган жеринде кырылып жаткан ошол түндү тилебе.
21
Сактан, мыйзамсыздыкка барба, анткени сен азап тартканды мыйзамсыздык кылгандан артык көрдүң.
22
Кудай Өзүнүн кудурети менен бийик, Андай насаатчы барбы?
23
Ким Ага Анын жолун көрсөтөт? “Сен адилетсиз иш кылып жатасың”, – деп, Ага ким айта алат?
24
Адамдар көрүп турган Анын иштерин даңазалоону унутпа.
25
Анын иштерин ар бир адам көрө алат, адам аларды алыстан байкай алат.
26
Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис.
27
Ал суу тамчыларын чогултат, алар көп болгондо, жамгыр болуп төгүлөт.
28
Жамгыр булуттардан тамчылайт, адамдарга мол төгүлөт.
29
Ошондой эле булуттардын жайылышын, Анын чатырынын күркүрөгөнүн ким түшүнө алат?
30
Азыр алардын үстүнө Ал Өз жарыгын чачыратып, деңиз түбүн жаап жатат.
31
Ал жактан Ал элдерди башкарып, тамак-ашты мол берип жатат.
32
Ал чагылганды Өз колдоруна жашырып, ага кимди урууну буйруйт.
33
Анын күркүрөөсү Өзү жөнүндө билдирет, жаныбарлар да эмне болуп жатканын сезишет.
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 37 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42