bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 5
Job 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 6 →
1
Эгерде сага жооп бере турган бирөө болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласың?
2
Ошентип, акылсызды каардуулугу өлтүрөт, эси жокту туталангычтыгы өлтүрөт.
3
Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын көрдүм. Ошол замат анын үйүн каргадым.
4
Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар эч ким болбойт.
5
Анын түшүмүн ачка адам жейт, ал аны тикенектин арасында өскөн жеринен да жыйнап алат, анын мал-мүлкүн суусагандар жутуп алышат.
6
Ошондуктан кайгы топурактан чыкпайт, мүшкүл жерден өсүп чыкпайт.
7
Бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат.
8
Бирок мен Кудайга кайрылар элем, ишимди Кудайга тапшырар элем,
9
Ал изилдегис, сансыз көп, укмуштуу, улуу иштерди жаратып жатат.
10
Ал жер үстүнө жамгыр берет, талаага сууларды жаят.
11
Кемсинтилгендерди жогору көтөрөт, кайгы тарткандар куткарылат.
12
Ал жүзү каралардын арам ойлорун бузуп салат, ошондуктан алар ийгиликке жете алышпайт.
13
Ал акылмандарды өздөрүнүн эле амалы менен кармайт, митайымдардын ойлору ишке ашпайт.
14
Күндүз алар караңгыга туш болушат, чак түштө түндөгүдөй сыйпалап басышат.
15
Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана күчтүүнүн колунан куткарат.
16
Ошондуктан жакырдын үмүтү бар, жалган өз оозун жабат.
17
Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттүү Кудайдын жазасын четке какпа!
18
Анткени Ал Өзү жарадар кылат да, Өзү жаратты таңат. Ал уруп жарадар кылат да, кайра эле Өз колу менен дарылайт.
19
Ал сени алты кайгыдан куткарат, жетинчисинде сага жамандык жолобойт.
20
Ал ачарчылыкта сени ажалдан алып калат, майданда кылычтан куткарат.
21
Камчыдай тийген тилден жашынып каласың, кыйроо келгенде, коркпойсуң.
22
Кыйроо жана ачарчылык келгенде, күлөсүң, жер үстүндөгү жырткычтардан үрөйүң учпайт,
23
анткени сен талаадагы таштар менен тынчтыктасың, талаадагы жырткычтар менен ынтымактасың.
24
Ошондо өз чатырың коопсуз экенин билип, өз үйүңө көз салып, күнөөгө батпай жашайсың.
25
Өз уругуңдун сан жетпей көбөйгөнүн, өз тукумуңдун жер үстүндөгү чөптөй өскөнүн көрөсүң.
26
Буудай боолору өз маалында жыйылгандай, сен да көргө карылыкка жетип киресиң.
27
Биз ушулардын баарын изилдесек, ушундай экен. Муну сен да угуп, көкүрөгүңө түйүп ал».
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42