bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 13
Job 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 14 →
1
«Мына ушунун баарын көзүм көрдү, кулагым укту, өзүм үчүн көңүлүмө түйүп койдум.
2
Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.
3
Бирок мен кудуреттүү Кудай менен сүйлөшкүм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.
4
Силер болсо жалганчысыңар. Бардыгыңар эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.
5
Унчукпай калсаңар кана! Силердин акылмандуулугуңар ошол болмок.
6
Менин сөзүмө кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме көңүл бургула.
7
Кудай үчүн калп айтыштын кереги бар беле, Ал үчүн жалган сүйлөштүн зарылдыгы бар беле?
8
Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?
9
Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыңарбы?
10
Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар да, Ал силерди катуу жазалайт.
11
Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?
12
Силердин эскертүүңөр күлгө окшош. Силердин таяныч-чебиңер – ылай коргондор.
13
Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай күн түшсө түшсүн, мен сүйлөйүн.
14
Эмне үчүн мен өз денемди өз тишим менен тиштегилешим керек, эмне үчүн өз жанымды өз колум менен кыйышым керек?
15
Мына, Ал мени өлтүрүп жатат, бирок мен Андан үмүт кылам. Анын алдында өз жолумду коргосом эле болду!
16
Ушунун өзү эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жүздүү адам Анын алдына келбейт.
17
Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, менин түшүндүргөнүмө кулак салгыла.
18
Мен өз ишимди сотко өткөрүүгө даярмын, анткени меники туура экенин билем.
19
Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? Эгерде бар болсо, мен унчукпай, өлүп калмакмын.
20
“Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жүзүңдөн жашынбайм.
21
Менден колуңду тарт, Сенин коркунучуң мени калтыратпасын.
22
Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сүйлөйүн, Сен мага жооп бер.
23
Менин канча кемчилигим, канча күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт!
24
Эмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени Өзүңө душман санайсың?
25
Сен үзүлгөн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуңбу? Куураган бир тал самандын артынан сая түшкөн жоксуңбу?
26
Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасың, жаш кездеги күнөөлөрүмдү мойнума коюп жатасың,
27
буттарымды көзөнөк жыгач калканга салып жатасың, менин баскан изимди аңдып турасың, артымдан сая түшөсүң.
28
Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, күбө жеген кийимдей болуп калдым.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42