bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 22
Job 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 23 →
1
Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:
2
«Адам Кудайга пайда келтире алмак беле? Акылдуу өзүнө пайда келтирет.
3
Сенин адил болгонуңдан кудуреттүү Кудай кандай ырахат алмак эле? Өз жолуңду таза сактаганыңдан Ага кандай пайда?
4
Ал сенден коркуп кетип, сени менен талашып-тартышмак беле? Сени менен соттошмок беле?
5
Чын эле, сенин кыянаттыгың чоң болсо керек, сенин мыйзамсыздыгыңа чек жок болсо керек.
6
Чын эле, сен эч нерсе бербей туруп, бир туугандарыңдан күрөө алсаң керек, ач-жылаңачтардын кийимин сыйрып алсаң керек.
7
Суусаганга суу бербесең керек, ачкага нан бербесең керек.
8
Ал эми алдуу-күчтүүгө жер берсең керек, ал жерге мансабы чоң киши отурукташса керек.
9
Жесирлерди эч нерсе бербей кетирсең керек, жетимдерди куру кол калтырсаң керек.
10
Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду, сени күтүлбөгөн коркунуч басты.
11
Же болбосо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады, ташкындаган сел астында калдың.
12
Кудай асмандан да жогоруда эмеспи! Тээ бийиктеги жылдыздарды карачы, алар канчалык бийик!
13
Сен болсо: “Кудай эмнени билет? Ал караңгылыктан бизди көрүп, соттой алмак беле?
14
Булут – Анын пардасы, ошондуктан Ал эч нерсе көрбөйт, асман мейкиндигинде гана жүрөт”, – дейсиң.
15
Сен, чын эле, байыркылардын жолун жолдоп жүрсөң керек. Ал жол менен мыйзамсыз адамдар жүрүшкөн,
16
алардын негизинин астын суу каптаганда, алар мезгилсиз кырылышкан.
17
Алар Кудайга: “Бизден оолак бол” – дешкен. Алар: “Кудуреттүү Кудай бизге эмне кыла алмак эле?” – дешкен.
18
Бирок алардын үйлөрүн Ал мал-мүлккө толтурду. Бирок мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!
19
Адилдер көрүп кубанышты, такыбаа адам аларга:
20
“Душманыбыз кырылды, алардан эмне калса, ошону от жалмады”, – деп күлдү.
21
Кудайга жакында, Аны менен элдеш, ушул аркылуу сага жакшылык келет.
22
Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Анын сөздөрүн көкүрөгүңө түйүп ал.
23
Эгерде кудуреттүү Кудайга кайрылсаң, анда кайра калыбыңа келесиң, үйүңдү мыйзамсыздыктан арылтасың.
24
Алтын сен үчүн топурактай, Опир алтындары суудагы таштардай болуп калат.
25
Кудуреттүү Кудай сенин алтының жана жаркыраган күмүшүң болот.
26
Ошондо сен кудуреттүү Кудайдан кубаныч аласың, Кудайга башыңды көтөрөсүң.
27
Сыйынасың, үнүңдү угат, сен да өз убадаларыңды орундатасың.
28
Бир нерсени ниет кыласың, ал ниетиң ишке ашат, жолуңа жарык чачырайт.
29
Кимдир бирөө кемсинтилгенде, сен: “Жогору көтөрүлүү”, – дейсиң. Ошондо Ал көңүлү чөккөндү куткарат.
30
Ал айыптуу адамды да куткарат. Ал адам сенин колуңдун тазалыгы менен куткарылат».
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42