bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 16
Job 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 17 →
1
Аюб мындай деп жооп берди:
2
«Мен мындайдын далайын уккам. Баарыңар эч нерсеге жарабаган сооротуучусуңар.
3
Маанисиз сөзүңөрдүн аягы болобу? Ушинтип жооп берүүңө эмне түрткү болду?
4
Эгерде силер менин ордумда болсоңор, мен да силердей эле сүйлөмөкмүн. Силерге каршы сөз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.
5
Силерди сөзүм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.
6
Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.
7
Бирок азыр Ал мени алсыратып бүттү. “Сен менин бүт үй-бүлөмдү кыйраттың.
8
Мага каршы күбө катары бетиме бырыш түшүрдүң. Менин жабыркаганым өзүмө каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат”.
9
Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген көзүн албайт.
10
Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыңдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сүйлөшүп алышкан.
11
Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.
12
Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, Өзүнө бута кылып койду.
13
Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, өтүмдү жерге төктү.
14
Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени көздөй жоокердей атырылып келе жатат.
15
Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.
16
Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – өлүм сөлөкөтү.
17
Ошондой болсо да эч кимге зордук көрсөткөн жокмун, сыйынуум да таза.
18
Оо жер! Менин канымды жашыра көрбө, менин муң-зарыма орун болбосун.
19
Азыр менин Күбөм асманда, менин Коргоочум жогоруда!
20
Көп сүйлөгөн досторум! Көз жашым Кудайга төгүлүп жатат.
21
Оо, адам баласы өз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!
22
Анткени менин көрөр күнүм бүттү, келбес сапарыма кеткени турам.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42