bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 20
Job 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 21 →
1
Наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
2
«Өзүмдүн ойлорум мени жооп берүүгө түртүп жатат, ошондуктан мен аны билдирүүгө шашылам.
3
Мени ыза кылган жемени уктум, мен үчүн акыл-эсим жооп берет.
4
Сен эмне, байыртадан бери, адам баласы жер бетине коюлгандан бери эмне болгонун билбейсиңби?
5
Мыйзамсыздардын шаттыгы убактылуу экенин, эки жүздүүнүн кубанычы көз ирмем экенин билбейсиңби?
6
Анын даражасы асманга жетсе да, төбөсү булуттарга тийсе да,
7
өзүнүн заңына окшоп, ал түбөлүккө жоголот. Аны көргөндөр: “Ал кайда?” – дешет.
8
Көргөн түштөй көздөн кайым болот, аны таппай калышат. Ал түнкү көрүнүштөй жоголот.
9
Аны көргөн көз аны экинчи көрбөйт, ал отурган орун аны билбей калат.
10
Анын уулдары жакырлардан кайыр сурап калат, ал уурдагандарын өз колу менен кайрып берет.
11
Анын сөөктөрү жаштыктын күчүнө толгон, бирок ал аны менен бирге топуракка жатат.
12
Эгерде кыянаттык анын оозунда балдай таттуу болсо, ал аны тилинин астында жашырып турса,
13
аны сактап жүрсө, таштап салбай, оозунда кармап жүрсө,
14
анда анын ушул тамагы ичинде уулуу жыландын уусуна айланат.
15
Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат. Кудай аны анын курсагынан чыгарат.
16
Ал жыландын уусун соруп жатат, аны уулуу жыландын тили өлтүрөт.
17
Ал бал менен сүт аккан өзөндөрдү, дарыяларды көрбөй өтөт.
18
Тапканын кайтарып берет, жутпайт. Анын алган жазасы да байлыгына жараша болот, кубанбайт.
19
Анткени ал жакырларды эзген, куру кол коё берген, өзү курбаган үйлөрдү тартып алган.
20
Курсагы тойгонун билбеген, ач көздүгүнөн эч нерсени аяган эмес.
21
Анын соргоктугунан эч нерсе качып кутулган эмес. Ошон үчүн анын бактысы туруктуу эмес.
22
Ашып-ташыган молчулук болуп турса да, ал кысталышта калат. Ыза болгон ар ким ага кол көтөрөт.
23
Ал курсагын толтургандан кийин, Кудай ага Өзүнүн каарын чачат да, анын денесине дарт жаадырат.
24
Ал темир куралдан качып кутулса, аны жез жебе тешип өтөт.
25
Жебени сууруп алайын десе, ал денесин тешип чыгат, жарк этип, өтүн тешип чыгат. Аны өлүм коркунучу басып калат!
26
Бардык караңгы нерселер анын ичинде жашырылган. Аны эч ким тутантпаган от жалмайт. Анын чатырында тирүү калганын да кырсык басат.
27
Анын мыйзамсыздыгын асман ачат, жер ага каршы чыгат.
28
Анын үйүнө жыйганы жок болот, Кудайдын каары келген күнү бардыгы агып жок болот.
29
Мыйзамсыз кишиге Кудай берген үлүш ушул, кудуреттүү Кудай бөлүп берген мурас ушул».
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42