bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Job 31
Job 31
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 32 →
1
Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм.
2
Мага жогорудан, Кудайдан кандай үлүш тиймек эле? Асмандан, кудуреттүү Кудайдан кандай мурас берилмек эле?
3
Өлүм мыйзамсыздар үчүн эмеспи, кырсык кыянаттык кылгандардын башына түшпөйбү?
4
Кудай менин жолдорумду көргөн жок беле? Менин баскан кадамымды эсептеген жок беле?
5
Эгерде мен жалган жолдо жүргөн болсом, эгерде менин буттарым амалкөйлүккө шашкан болсо,
6
анда мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет.
7
Эгерде менин бутум жолдон бурулган болсо, жүрөгүм көзүмдү ээрчип жүргөн болсо, эгерде таза эмес бир нерсе колума жабышып калган болсо,
8
анда мен сепкенди башка бирөө жесин жана мен өндүргөн нерсе тамырынан жулунсун.
9
Эгерде менин жүрөгүм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом,
10
анда менин аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын, аны башка бирөөлөр маскара кылышсын.
11
Анткени бул – ойноштук, бул – сотко тартыла турган күнөө.
12
Бул – менин бүт мал-мүлкүмдү түп-тамыры менен жок кылып сала турган жалмап салуучу от.
13
Кулум менен күңүм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом,
14
анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем?
15
Мени да, аны да эненин курсагында жараткан Өзү эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган Өзү эмеспи?
16
Жакырлардын сураганын бербей койдум беле? Жесирдин көзүн жалдыраттым беле?
17
Бир үзүм нанды жалгыз жедим беле? Андан жетим да жеген жок беле?
18
Анткени ал бала күнүнөн бери меникинде атасыныкында жашагандай жашады, энемдин курсагынан чыккандан бери мен жесирге көз салып келдим.
19
Мен кийими жок өлүп бара жатканды, жамынчысы жок жардыны көргөндө,
20
ал мага чын жүрөктөн батасын бербей койду беле? Ал менин койлорумдун жүнүнө жылынган жок беле?
21
Дарбаза алдында мага жардам беришсе да, жетимге кол көтөрсөм,
22
анда менин ийиним далымдан бөлүнүп түшүп калсын, колум чыканагымдан сынып түшсүн.
23
Анткени Кудайдын жазасы мен үчүн өтө коркунучтуу. Анын улуулугунун алдында мен туруштук бере алмак эмесмин.
24
Мен алтынга таяндым беле? Байлыкка: “Менин үмүтүм сенсиң!” – деп айттым беле?
25
Байлыгымдын ашып-ташыганына, колумдун көп тапканына кубандым беле?
26
Күндүн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сөөлөттүү калкып баратканын карап туруп,
27
жүрөгүм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду өптү беле?
28
Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттүү Кудайдан баш тарткан болор элем.
29
Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына түн түшкөндө, салтанат курдум беле?
30
Оозумдун аны каргап күнөөгө батуусуна жол берген эмесмин.
31
Менин чатырымдагы кишилер: “Оо, анын этинен жегендерден эч ким тойбой калган эмес!” – дешкен жок беле?
32
Бөтөн жерден келген киши көчөдө түнөгөн эмес. Жолоочуга эшигимди ачып берчүмүн.
33
Эгерде мен адам катары күнөөлөрүмдү жашырып койгон болсом, мыйзамсыз иштеримди көкүрөгүмө катып койгон болсом,
34
анда мен чоң жамааттан коркор элем, урук-туугандарымдын жек көрүүсү үрөйүмдү учурар эле, мен ооз ачпас элем, босогодон сыртка чыкпас элем.
35
Оо, мени кимдир бирөө укса кана! Менин каалоом мындай: кудуреттүү Кудай мага жооп берсе экен, менин коргоочум буларды китепке жазып койсо экен.
36
Мен аны ийиниме көтөрүп жүрөр элем, башыма гүл таажыдай кийип алар элем.
37
Баскан кадамымдын санын ага кабарлар элем, ага төрөгө жакындагандай жакындар элем.
38
Эгерде жерим менин үстүмөн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин үстүмөн даттанган болсо,
39
эгерде мен анын түшүмүн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом,
40
анда буудай ордуна төө тикенек, арпа ордуна карамык өссүн». Ошентип, Аюбдун сөзү бүттү.
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 32 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42