bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 13
Exodus 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 14 →
1
Теңир Мусага мындай деди:
2
«Мага ысрайылдыктардын тундарын арна, адамдын туну болобу, малдын биринчи төлү болобу, алар Мага тиешелүү».
3
Муса элге кайрылып, мындай деди: «Силер Мисирден чыккан, кулчулуктан бошонгон ушул күндү эсиңерден чыгарбагыла, анткени Теңир силерди ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан. Ачыткы кошулган тамак-аш жебегиле.
4
Силер бүгүн, Абыт айында чыгып жатасыңар.
5
Теңир сени ата-бабаларыңа берем деп убада кылган сүт менен бал аккан жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, ушул айда Теңирге ушул ийбадатты кыл.
6
Жети күн ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган майрам.
7
Ачыткысыз нанды жети күн же. Сенде ачыткы кошулган нан болбосун, сенин жериңде ачыткы кошулган тамак-аш болбосун.
8
Ошол күнү өз уулуңа мындай деп айт: “Мен бул майрамды Теңир мени Мисирден алып чыккандыгы үчүн майрамдап жатам”.
9
Теңирдин мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн, бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан.
10
Ушул мыйзамды жыл сайын өз убагында аткар.
11
Теңир сага жана сенин ата-бабаларыңа берем деп убада кылган Канаан жерине сени алып барганда, ал жерди сага бергенде,
12
тундарыңды Теңирге бөлүп кой. Малыңдын биринчи төлүнүн эркегин Теңирге арна.
13
Эшегиңдин биринчи төлүн козуга айырбашта. Эгерде айырбаштабасаң, кунун төлө. Тун эркек балдарыңардын да кунун төлөгүлө.
14
Кийин уулуң сенден: “Эмнеге мындай кылып жатасың?” – деп сураса: “Теңир бизди күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан, кулчулуктан бошоткон.
15
Фараон бизди коё бербей жатканда, Теңир Мисир жериндеги бардык тунгучтарды: тун балдарды, малдын биринчи төлүн жок кылган. Ошондуктан мен малымдын биринчи төлүнүн эркектеринин бардыгын Теңирге арнап курмандыкка чалып жатам, ал эми тун уулдарымдын кунун төлөп жатам”, – деп жооп бер.
16
Бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан».
17
Фараон элди коё бергенден кийин, кыска жол болгонуна карабастан, Кудай аларды Пелишти жерине барчу жол менен алып өткөн жок. Анткени Кудай: «Эл согушту көргөндө өкүнүп, Мисирге кайтып кетпесин», – деди.
18
Ошондуктан Кудай элди Кызыл деңизге чөл аркылуу алып барды. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен куралданып чыгышты.
19
Муса Жусуптун сөөгүн ала чыкты, анткени Жусуп Ысрайыл уулдарынан: «Кудай силерге сөзсүз келет, ошондо сөөгүмдү бул жерден ала чыккыла», – деп убада алган.
20
Ошентип, Ысрайыл уулдары Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Эйтамга келип, станы менен жайланышты.
21
Күнү-түнү жол жүрсүн деп, Теңир күндүз аларга булут мамынын ичинде жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде жарык болуп, алардын алдында бара жатты.
22
Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40