bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Exodus 40
Exodus 40
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
1
Теңир Мусага мындай деди:
2
«Биринчи айдын биринчи күнү жыйын чатырын тик.
3
Анын ичине келишим сандыгын алып кирип, сандыктын алдына көшөгөнү ил.
4
Yстөлдү алып кирип, анын үстүнө идиштерин кой, анан чырактанды алып кирип, анын үстүнө чырактарын кой.
5
Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды алып кирип, келишим сандыгынын тушуна кой, жыйын чатырынын кире беришине көшөгөнү ил.
6
Курмандык чалынуучу жайды жыйын чатырынын алдына кой.
7
Жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.
8
Короону жабуу менен курча, короонун кире беришинин көшөгөсүн ил.
9
Майлоочу майды алып, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерсени ыйыкташ үчүн майлап чык, ошондо алар ыйык болот.
10
Курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап чык. Курмандык чалынуучу жайды ыйыкта, ошондо ал эң ыйык жай болот.
11
Жуунгучту жана анын түбүн майлап ыйыкта.
12
Арунду жана анын уулдарын жыйын чатырынын алдына алып келип, сууга жуунт.
13
Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында.
14
Анын уулдарын алып келип, аларга узун көйнөктөрдү кийгиз.
15
Алар Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, аларды да атасын майлагандай майла. Бул майлоо аларды түбөлүккө, укумдан-тукумга ыйык кызматка дайындаган майлоо болот».
16
Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарды.
17
Жыйын чатыры экинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү тургузулду.
18
Муса жыйын чатырын тикти: анын таканычтарын орнотту, устундарын бекитти, шыргыйларын койду, мамыларын тургузду,
19
анан жыйын чатырынын үстүнө жабуу жапты, Теңир буйругандай кылып, алардын үстүнө дагы бир жабуу жапты.
20
Мыйзамды алып, сандыкка салды, шыргыйларды сандыктын шакектерине киргизди, сандыктын үстүнө капкакты жапты.
21
Сандыкты жыйын чатырынын ичине алып кирип, көшөгөнү илип, Теңир буйругандай, келишим сандыгын далдалап койду.
22
Жыйын чатырынын ичине, анын түндүк жагына, көшөгөнүн сыртына үстөлдү койду.
23
Теңир буйругандай, анын үстүнө Теңирдин алдына эки катар нан тизип койду.
24
Жыйын чатырынын ичине, үстөлдүн маңдайына, жыйын чатырынын түштүк жагына чырактанды койду.
25
Теңир буйругандай кылып, Теңирдин алдына чырактанды, анын үстүнө чырактарды койду.
26
Жыйын чатырынын ичине, көшөгөнүн жанына алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды койду.
27
Теңир буйругандай, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөттү.
28
Анан жыйын чатырынын кире беришине көшөгө илди.
29
Жыйын чатырынын алдына курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды койду, Теңир буйругандай, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып, нан курмандыктарын өрттөдү.
30
Анан жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын ортосуна коюп, суу куюп койду.
31
Андан суу алып, Муса, Арун жана Арундун уулдары колдорун, буттарын жуушту.
32
Теңир Мусага буйругандай, алар жыйын чатырына кирерде жана курмандык чалынуучу жайга жакындарда жуунушчу.
33
Жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегин жабуу менен курчап, короонун кире беришине көшөгө илди. Ошентип, Муса бардык ишти бүттү.
34
Ошондо жыйын чатырын булут каптап, жыйын чатыры Теңирдин даңкына толду.
35
Муса жыйын чатырына кире алган жок, анткени чатырды булут каптап, Теңирдин даңкына толуп турган эле.
36
Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолун улантышчу.
37
Эгерде булут көтөрүлбөсө, анда алар да, ал көтөрүлмөйүнчө, жолго чыгышчу эмес.
38
Анткени Теңирдин булуту Ысрайыл уулдарынын көз алдында жыйын чатырынын үстүндө күндүз булут болуп, түн ичинде от болуп, аларды жер кезип жүргөн учурунда коштоп жүрчү.
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40